2019-жылдан баштап ИИМдин кызматкерлери «байкуштун» гана кейпин кийип,
элдин анча мынча үшүн алган кийген кийими эле болбосо колдорунан коко
келбейт! Кабыл алынган кодекстер ички иштер органдарынын ыкчам бөлүмдөрүнүн
иштешине терс таасирин тийгизет. Учурда кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө ыкчам
бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин иш-аракеттери чектелген.

Анткени азыр иштеп жаткан жаңы жазык-процессуалдык кодекстин талаптары боюнча, алардын ыйгарым укуктарын минималдаштырып, болгону тергөө тапшырмаларын жана атайын тергөө амалдарын аткарып, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өздөрүнүн эффективдүүлүгүн толугу менен жокко чыгарып, ак шейшепке ороп, «жерге» берип коюшкан.
Ыкчам бөлүмдөрүнүн кызматкерлери азыркы учурда соттук өндүрүштүн алкагында ишчараларды жүргүзүшү керек, башкача айтканда кылмыштын катталышын күтүп, андан кийин гана кылмыш жасалып, катталгандан кийин иш-чараларды алып барышат.
Жалпак тил менен айтканда оперативдик топ, тергөөчүнүн жетим жүгүрүгү гана кызматын аткара алат. Кызыгы, азыр ИИМ колдонуп жаткан мыйзам, Лейла Сыдыкова баштаган чыккынчы топ, Атамбаев колдогон мыйзам, изилдеп келсек дүйнө жүзүндө колдонулбайт!
Эл аралык тажрыйбаны изилдеп көрсөк жазык соттук ондүрүшүнүн мындай моделдери, ал тургай, жазык соттук өндүрүшү түпкү таамырынан бери өзгөргөн мамлекеттерде (Украина, Грузия, Балтия, Казакстан) кездешпейт жана тергөө тарабынан берилүүчү жашыруун атайын тергөө амалдарынан сырткары, ыкчам-иликтөө ишмердүүлүгүнүн негизинде ыкчам-издөө ишчаралары тергөө кызматынан көз карандысыз эле жүргүзүлөт.
Ал эми Европанын өлкөлөрүнде (Улуу Британия, Америка Кошмо Штаттары) бардык жерде кылмыштуулукту териштирүүнүн эки түрү бар:

— Эркин, ыкчам кызматкерлердин жашыруун иш-чараларын жүргүзүүсү:

— Бекем, алдын-ала тергөө ишинин алкагында иш-чараларды жүргүзүүсү… Анан эле бир нерсени кыйратып койгонсуп, АКШга өзүбүздү теңеп алганга эмне жок… Ал жак менен кыргыздардын менталитетин салыштырып көргүлө.

Кыскасы, ИИМдин дагы шору катканы турат? Кудай бетин ары кылсын, Айзаданын өлүмү бүткүл кыргыз элин талкууга салып, үшүн алса, азыр андай окуя кайра кайталынып калса ИИМ дагы деле деле колунан коко келбейт! Үч уктаса түшүңөргө кирбесин, анткени ага Атамбаев колдоп кеткен мыйзам жол бербейт! Так ушул мыйзам ушул тапта талкууда турат. Эгерде Жогорку Кеңеш ошол кыргыз элинин тагдырын талкалап, кылмышкерлерди колдогон мыйзамды кабыл алып берсе, анда ИИМ толугу менен таркап кетсе болот…
Кылмыш болгон жерде тергөөчүнүн көзүн карап турган ыкчам топтун эмне кереги бар?

Булак: NazarNews.kg