Саясат

Садыр Жапаров башкы прокурор менен жаратылыш ресурстары министрине сөгүш жарыялады

Президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, КР президентинин администрациясынын комиссиясы КР Прокуратурасынын айрым кызматкерлери тарабынан КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишине кийлигишүү фактыларын карап чыгып, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтык катында белгиленгендей, жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча көрсөтүлгөн фактылар тастыкталганын билдирди.

Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге өздөрүнүн кол алдындагыларды башкарууда туура эмес көзөмөлгө алгандыгы үчүн сөгүш жарыялады.

Мындан тышкары, башкы прокурорго башкы прокурордун орун басары Адил уулу Кубанды ээлеген кызматынан бошотуу, КР Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси М.Э. Майтпасовго жана КР Башкы прокуратурасынын Коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын экология жаатындагы ишкерлердин укуктарынын жана мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси А.М. Аликуловго сөгүш жарыялоо жана ротациялоо жөнүндө сунуш киргизүү тапшырылды.


Маалымат үчүн: Комиссиянын курамына президенттин администрациясынын төмөндөгү кызматкерлери кирди:

  • Мурат Укушов – президенттин жана министрлер кабинетинин укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги;
  • Осмонов Азамат – президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги;
  • Нурлан Сулайманкулов – Соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;
  • Азамат Апсатаров – президенттин жардамчысы.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button