Коом

Жамиля Жаманбаева Хельсинкидеги абак менен таанышып чыкты

КРдин Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева Финляндиянын укук үстөмдүгү борборунда өткөн эл аралык семинарга катышты.
Хельсинкиде өткөн семинарда Борбор Азия жана Финляндия өлкөлөрүнүн акыйкатчылары адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында тажрыйба алмашышты.


Ошондой эле, тараптар Борбор Азия жана Финляндия өлкөлөрүнүн акыйкатчылар арасындагы кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн макулдашты.
Жамиля Жаманбаева семинар учурунда сөз сүйлөп жатып, бул платформа адам укуктары жана эркиндиктери маселелери боюнча Борбордук Азия жана Финляндия өлкөлөрүнүн акыйкатчыларынын ортосундагы өз ара көз караштар менен тажрыйба алмашууда эң жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.
“Акыйкатчылардын ортосундагы кызматташтык көйгөйлүү маселелерди биргеликте ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет. Акыйкатчы институту эл аралык кызматташууну бекемдөөдө адам укуктарын камсыздоого жана өзгөчө мигранттардын укуктарын коргоого басым жасайт. Бул багытта Институт тарабынан эл аралык уюмдар жана жарандык коом, ошондой эле башка өлкөлөрдүн акыйкатчылары менен 70тен ашык меморандумдар түзүлгөн”, — деди КРдин Акыйкатчысы.
Жамиля Жаманбаева жалпы ишмердүүлүккө токтолуп жатып, КРдин Акыйкатчы институту 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик органдарга укук колдонуу тажрыйбасын өзгөртүүгө, мыйзамдарды өркүндөтүүгө, адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоого байланышкан системалык көйгөйлөрдү четтетүүгө багытталган 100гө жакын сунуш киргизилгенин билдирди.
Ошондой эле, катышуучулар Борбор Азия өлкөлөрүнүн Акыйкатчы институттарынын “А” статусун алуу зарылдыгын талкуулашты.
Мындан тышкары, Жамиля Жаманбаева Юстициянын вице-канцлери, вице-Омбудсмени, башкы прокурор, Жогорку административдик соттун төрагасы, түрмөлөр жана пробация кызматынын башкы директору, Финляндиянын укук үстөмдүгү борборунун директору менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда тараптар адам укуктарын коргоону жакшыртууда бирдиктүү аракеттер мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.
Андан сырткары, Борбор Азиянын Акыйкатчылары Хельсинкидеги абакка барып, соттолгондорду кармоо шарттары менен таанышып чыгышты. Белгилей кетсек, бул абак дээрлик бир кылым мурда курулган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button