Коом

Былтыр социалдык келишимдерге катышкан аялдардын саны 2,6%га өскөн


2023-жылы социалдык келишим программасына катышкан аялдардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 2,6% өскөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы мамлекет менен социалдык келишим түзгөн 10 миң адамдын 9 миң 562си негизинен айыл жеринде жашаган аялдар.  

Ошондой эле, Жалал-Абад (5,4%) жана Ысык-Көл (3,4%) облустарында эркек катышуучулардын санынын байкаларлык азайгандыгын белгилейт. 

Ошол эле учурда, мамлекеттик колдоо менен бизнес ачкан эркектердин саны Ош шаарында 2%дан 11,9%га, Чүй облусунда 10,8%дан 15,1%га жана Бишкек шаарында 8,9%дан 11,5%га өскөн. 

Жалпысынан 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган 10 миң үй-бүлөнүн ичинен 9 миң 993 аз камсыз болгон үй-бүлө өз ишин ачып, туруктуу кирешеге ээ болушкан. Жети долбоор үй-бүлөлөрдөн көз каранды болбогон жагдайлардан улам бүтпөй калган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button