Коом

Кадрлар баарын чечет

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өлкөнүн аймактарынын акимдерин ротациялады. Анын негизги максаты — кызыкчылыктардын кагылышын жоюу, жергиликтүү администрация башчыларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу.

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикири боюнча, президент өзүнүн жарлыгы менен Кыргызстан кадимки жана илгертен бери келе жаткан кадр саясатынан алыстап баратканын көрсөттү. «Биз ошол эле райондордон же аймактардан адамдар аким болуп келген кадр саясатын көрүп көнүп калганбыз. Мисалы, Ош облусунун Өзгөн районунун акими Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун башчысы болуп дайындалганда, ал кландык же коррупциялык схемалардан көз карандысыз болот. Өлкө президенти 5-майда элге кайрылуусунда мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири — кадр саясатындагы өзгөрүүлөрдү айтты. Белгилүү болгондой, «кадрлар баарын чечет» жана натыйжалуу кадрдык саясатсыз мамлекет башчы жарыялаган өзгөрүүлөргө жетишүү мүмкүн эмес», — деди И. Шестаков.

Президент Садыр Жапаровдун «Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгына ылайык, анын негизги милдети мамлекеттик жана муниципалдык кызматка акыйкат жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, басмырлоого жол берилбестик жана кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү болуп саналат.

Ушул Жарлыкты ишке ашыруунун алкагында, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын аттестациялоо бүткүл республика боюнча атайын түзүлгөн аттестациялык комиссия тарабынан өткөрүлдү.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы аймактык кадрлар резервинен талапкерлерди тандап алды.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button