Ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине 200гө жакын жоопкерчлиги чектелген коом киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Салык кызматы Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо бөлүмү тарабынан толук салыктык администрациялоого жаткан ири салык төлөөчүлөрдүн тизмесине 195 субъектини киргизген.

Чечим ири салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жана мыйзамга ылайык кабыл алынды.

Тизмеде «Кадастр» мамлекеттик мекемеси, «Бишкек Парк» ЖЧКсы, «Lion» ЖЧКсы ж.б. ишканалар бар.