Россиянын Президентинин Кыргызстандын башчысы менен жолугушуусу өз убагында болгон маанилүү окуя болду. Борбордук Азия боюнча эксперт Григорий Михайлов 24.kg агенттигине Садыр Жапаровдун Сочиге болгон жумушчу сапарынын жыйынтыгы боюнча пикири менен бөлүштү.

Эксперттин айтымында, эки шериктеш мамлекеттин башчыларынын жолугушуусу эки тараптуу мамилелердин эң маанилүү маселелерин – экономикалык долбоорлорду, коронавируска каршы күрөштү, Фергана өрөөнүндөгү чек ара көйгөйлөрүн чечүүгө көмөктөшүүнү жеке талкуулоого мүмкүндүк берди.
«Путин дагы, Жапаров дагы талаштуу чек ара маселелерин күч менен эмес, сүйлөшүү жолу менен чечүү керек деген пикирде. Россиянын башчысы «Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы курч маселелерди чечүү үчүн» колунан келгендин баарын жасайм деп убада кылды деп белгиледи эксперт.

Григорий Михайлов эки өлкөнүн мамилелеринде жогорку деңгээлде чечилиши керек болгон көптөгөн маселелер топтолгон деп эсептейт.

«Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун ортосундагы сүйлөшүүлөр энергетика, аскердик өнөр жай комплекси, байланыш, логистика жана маалымат технологиялары жаатындагы орус-кыргыз долбоорлоруна кошумча дем берет деп үмүттөнүп жатабыз.

Владимир Путиндин Кыргызстандын өзүндө Sputnik V коронавирус вакцинасын өндүрүү жөнүндө экинчи жолу айткан идеясы өзгөчө кызыгууну жаратат. Идеяны ишке ашыруу республикада жана региондо пандемияга каршы күрөшүүдө гана эмес, ошондой эле кыргыз бюджетине бир топ каражаттарды үнөмдөөгө жардам берет», — деди эксперт.