Жазуучу, журналист Анарбек Акматбеков Москва областынын Жазуучулар Сюзунун Эл Аралык Орус тили Академиясынын Академиги жана СПРФ мүчөсү болду. Бул тууралуу жазуучунун Facebook социалдык тармактагы баракчасында маалымат чыккан. Анарбек Акматбеков менен байланышып, куттуктап, ийгиликтерди кааладык.
Окурман журтуна жазуучу Абдымамбет Сариевдин Анарбек Акматбеков тууралуу баянын сунуштайбыз.
АНАРБЕК АКМАТБЕКОВ ДЕГЕН КИМ?.. 1969,1972-ЖЫЛДАРДАН БИР ЭЛЕС…
Азыр өткөндү эскерип, эссе катары жаза турган Кетмен-Төбөдөгү Үч-Терек-Саргаталык жердешим, замандашым жана каламдашым, акын, жазуучу, ойчул философ, педагог, коомдук ишмер агабыз Анарбек Акматбеков тууралуу болмокчу. Мен анын чыгармаларын өткөн кылымдын тээ 1969-1972-жылдары Токтогул райондук “Учкун”, Ош областтык “Ленин жолу”, республикалык “Ленинчил Жаш” газеталарынан окуп, бала кезден тааныш элем.
Окуучулук кезде Жетиген айылындагы Ак-Жардын төмөн жагында биз жашаган Кош-Кашаттын чыгыш тарабындагы Чоң-Арыктагы суунун боюна күзгө маал Үч-Терек совхозунун сүт-товар фермасынын уйчу-саанчыларынын айылы келип, боз үйлөрду кыркалакей тигише турган. Ана, көрүп ал! Күнү-түнү бака-шака, музыка, ыр, радионун үнү жаңырып, ачык асман алдындагы, автомашина оңой менен каттабаган элеттеги тыптынч жерде движоктун күрүлдөгөн бир башкача угулуп, түнкүсүн свет жаркырап, өзгөчө дүйнө көчүп келгендей сезилер эле. Себеби биз ал кезде кара чырак жагып, электр тогу, электр лампочкасы дегенди көрө элек кезибиз болчу. Менин ал саанчылардын айылчасына кызыкканым – гезит-журналдар, ар кандай китепчелер ар бир боз үйдө кездешип туруучу. Анткени ал кезде республикалык “Советтик Кыргызстан” “Ленинчил жаш” областтык “Ленин жолу, райондук “Учкун” гезиттери, “Ала Тоо”, “Чалкан, “Кыргызстан аялдары” журналдары алар көчүп кеткенден кийин ар бир үйдүн журтунда кала берип, биз аларды көтөрүп келип, ар бир жазылган тамгасын жыргап окучу элек…
Мына ушул гезиттерде Медетбек Жамгырчиевдин, Бүбүлиса Сейдакматованын, Анарбек Акматбековдун, Исабек Токтогуловдун, Самсак Станалиевдин, Бусурманкул Бакировдун, Көкөй Аксариеванын, Каныбек Ноорузбаевдин ж.б. таланттардын ырлары, аңгемелери жарыяланып туруучу.
Ошолордун арасынан Анарбек Акматбековдун айылы Саргатадан биз кааласак да, каалабасак да Үч-Терек, Токтогулга барганда жол сапарында аралап өтүп, адабиятка кызыккан окурман катары, “ушул Анарбек деген акын адам кайсы жерде жашайт болду экен?” деген балалыктагы романтизм, кызыккан ой башыма келчү…
ТОКТОГУЛ РАЙОНДУК “УЧКУН” ГЕЗИТИНДЕ
Мен окуучулук кезде көп окуган райондук “Учкун” гезитинде Анарбек Акматбековдун ырлары эсимде калган эле. Кудай жалгап 1974-жылдары ыр, макала жаза коюп, чыгармалары гезит бетине жарыяланып жүргөн ыраматылык жездем Айтыкул Тоялиевдин бирге иштеген досу комузчу, күүчү Кебекбай аяш атамдын сунушу менен менен райондук гезиттин басмаканасына Калималыга шакирт болуп гезит басуучу-печатник болуп ишке кирдим. Ошондо Кудай мага бербеспи?!. Райондук гезиттин ж.б. башка гезиттердин жайнаган таңгактарын аңтарып, ырларды окуп отурган кездер эстен кетпес? Ошол жерде пол жуугуч болуп иштеген Сайра деген эже тилдеп, “сен ушулардан көчүрүп алып жазып жүрөсүң, өзүң жазганды билбейсиң деле!” деп мени көргөндө эле кыжылдап уруша берчү. Көрсө мен жыйналган таңгактарды чачып, эже кайра жыйнап анын жинине тийип жүргөн экемин кийин байкасам. Ошол гезит таңгактарынын ичинен Анарбек Акматбековдун мурда окуган ырларын кайрадан байма-бай учуратып, анын фамилиясы окурман катары унутулгус болуп көкүрөктө сакталып калды.
Бир күнү Кара-Күңгөйдөн Алик Акималиев келип калды. Экөөбүз ээрчишип алып токтогулдук акын-жазуучуларды эсептеп, бирине бирин салыштырып айтып баратып, ырлары гезитке чыгып жүргөн Анарбек Акматбековдун жазгандарын талдап калдык. Ал кезде он жетиден жаңы өткөн кезибиз, “кыйын жазат экен, андай жазат экен, мындай жазат!” экен деп ай жарыкта көчөдө асманды сүйлөп баратканыбыз эсимде.
КЫРГЫЗСТАН ЖАЗУУЧУЛАР СОЮЗУНДА
1999-жылы Кыргызстан жазуучулар союзуна жооптуу катчы, кийин төраганын орунбасары болуп иштеп калдым. 2000-жылы кайсы бир күнү сырттан жапалдаш бойлуу бир киши кирип келип, өзүн тааныштырып, “мен Анарбек Акматбеков деген акын болом, мага жазуучулар союзунан Ички иштер министрлигине – иштеген жериме чыгармачылык мүнөздөгү кат керек эле..” деп калды.
Көзүмө заматта окуучулук кезим, 1974-жылдаргы Токтогул райондук “Учкун” гезитинин басмаканасы, андагы гезит беттериндеги Анарбек Акматбековдун жазган ырлары, ал жашаган Саргата айылы, Үч-Терек, мен туулуп-өскөн Жетиген элестей түштү.
“Анарбек аке мен сиздин ырларыңызды жакшы билем, мен Жетигенден болом” деп мындан 24-30 жыл мурдагы баянды айтып бердим эле Анарбек аке да сүйүнүп, бажактап сүйлөп, бир туугандай аралашып кеттик.
Көрсө ал ичине кир сактабаган, оюндагысын төгүлүп айта берген, ак пейил, арамзалыгы жок, жаш баладай романтик мүнөзгө ээ, чыныгы талант жакшы киши экен…
Анарбек акеге андан кийин деле жолугуп жүрдүм. Дайыма активдүү, жандуу кыймыл-аракетте турган, жашоого оптимисттик көз менен караган. жайдаңдап ак көңүлдүгү адамдарга жаккан бул инсан Эл аралык Чынгыз Айтматов клубунун мүчөсү, жазуучулар союзунун мүчөсү болуп, коомдук иштерге да көп аралашканын байкадым.
АКЫН, ЖАЗУУЧУ, ОЙЧУЛ ФИЛОСОФ, ПЕДАГОГ, КООМДУК ИШМЕР, ЭНЦИКЛОПЕДИЯЧЫ…
Көрунгөн эле адам совет доорунда Кыргыз совет энциклопедиясына кызматка келе берчү эмес. Анан калса Энциклопедиядагы философия жана укук бөлүмүндө иштөө андан бетер кыйын эле. Анарбек Акматбеков дал ушул Кыргыз совет энциклопедиясынын Философия жана укук бөлүмүндө илимий редактор болуп иштеди. Ал ушул жерде иштеген жылдары Кыргыз энциклопедиясынын 5-6-томдугу жарыкка чыкты. Бул баалуу эмгекти жарыкка чыгарууга даярдоодо анын дагы өтө чоң салымы бар эле.
Ал энциклопедияда жыйнаган материалдарды редакциялап, иргеп эле отура берген жок. Ал ошол заманда кыргызды дүйнөгө дүңгүрөтүп, чыгармалары менен элдин атагын чыгарып турган улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармаларындагы “Улуттук жана интернационалдуулуктун көркөм диалектикасын” изилдеп, илимий эмгегин басууга даярдоодо көп окуп, философия илиминде көп изденип, изилдеп катуу эмгектенди.
Чынгыз Айтматов кезегинде “Манас – кыргыз рухунун туу чокусу!” деп бекеринен айткан эмес. Анарбек Акматбеков “Манас энциклопедиясын” түзүүдө чыгармачыл талант жана ойчул философ катары бул ири, фундаменталдуу эмгекке дагы зор салым кошуп, ошол китептин авторлорунун бири болуп, илимий адабияттын алтын тарыхында ысымы калды.
Акындын көп кырдуу таланты эске алынып, Кыргызстандагы Ички иштер министрлиги аны Кыргыз милициясынын энциклопедиясын түзүүгө да катыштырып, архивдерди аңтарып, натыйжада ал эмгек ийгиликтүү жарыкка чыкты. Анын тынбай иштеген мээнетечтиги, илимдүулүгү, адамдарга жаккан ак пейил, чынчыл сапаты илимпоз-акындын бардык жерге керектүүлгүн ачыкка чыгарды да жыйынтыгында Ички иштер министрлиги аны татаал жана оор кызматка Ички иштер кызматына чакырып, бул кызматта Анарбек ага ардактуу эс алууга –ички кызматтын подполковниги даражасына чейин иштеди. Ак эмгегин аянбай, күн тынымын, түн уйкусун бөлүп, түйшүккө батып, түрмө ичинде андан кийин өрт коопсуздугун сактоо кызматында иштеди. Кыскасы, Анарбек Акматбеков ар тараптуу, көп кырдуу таланттын ээси, карапайым жана мээнеткеч, ак көңүл инсан экендигин замандаштары жана каламдаштары жакшы билет.
ЫР КИТЕПТЕРИНЕН БИР ШИҢГИЛ…
Мындан туура 31 жыл мурда — 1989-жылы анын “Жүрөк толкуну” аттуу ырлар жыйнагы “Адабият” басмасынын жарык көрүп, окурмандардын кызуу колдоосуна татыктуу болуп, кеңири тарады.
Ыр, кара сөз жазгандан сырткары бул таланттуу, ойчул, философ инсан учурунда чыгыштын акындарынын бир топ ырларын, накыл сөздөрүн, орус жазуучуларынын чыгармаларын кыргызчалатып, котормочу катары да адабият журтчулугуна таанымал болгон эле.
Ойчул акындын “Турмуштан тамган тамчылар” аттуу ыр жыйнагы мындан 12 жыл мурда жарык көргөндө, ички иштер кызматынын подполковнигинин көрөңгөлүү талантына, асыл Токтогулдун жердешинин ыр саптарына суктанган поэзияга жакын окурман журтчулугу бир дүр-р этип алган.
Автордун “Капли жизни” аттуу ырлар жыйнагы 2008-жылы орус тилинде жарык көрүп, Шериктеш өлкөлөрдүн окурмандарына анын чыгармачылык бейнесинин кеңири таралуусуна ыңгай түзүлдү.
Мындан тышкары анын “Сени сүйөм, Ала-Тоо” ырлар жыйнагын азыркы учурда интернет сүйүүчүлөр фейсбук баракчаларынан ж.б. малымат булактарынан окуп, акындын чыгармачылыгына баа беришип, алкыш ыроолошуп, кубанычтарын бирге бөлүшүп жаткан маал…
БАШКА КЫЗМАТ ПОЭЗИЯГА ТОСКООЛДУК КЫЛА АЛБАЙТ
Чыгармачылык менен жашоодогу ордун шайкеш алып жүрүү дагы өзүнчө кылдаттыкты жана адамкерчиликти талап кылат. Кээ бир учурларда жалаң чыгармачылык менен жүрүп, турмуш-тиричилигине маани бербей калган таланттарды деле кезиктирүүгө болот. Анарбек аке бул жагынан өзүнүн ордун дагы, чыгармаларынын ордун дагы таба алган инсан деп бааласа болот.
Учурунда ар кандай кырдаалда турмөгө түшкөн тагдыры оор адамдар менен аралашып, отряддын начальниги болуп, тынчы жок кызматта жүргөндө да ал калемин таштабай поэзия дүйнөсүнө сүңгүп кирип, чыгармачылыгын өркүндөтүп, өстүрдү.
Таланттуу акын, ойчул философ, коомдук ишмер Анарбек Акматбеков 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктагандан кийн республикалык Китеп сүйүүчүлөр коомунда үгут-насаат бөлүмүнүн редактору, Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы мамлекеттик Жашыруун сырларды сактоо боюнча башкы Башкармалыгында редактор болуп иштеп турганда кызматы менен чыгармачылык ишин айкеш-шайкеш жүргүзүп, республикалык, областтык басма сөз беттеринде, теле-радио тармагында чыгармаларын элге кеңири тартуулап турду. Кезегинде башка кесипте иштеп туруп, адабият аркылуу таанымал болгон улуу жазуучу Чынгыз Айтматов өз дараметин сөз аркылуу көрсөткөндөй, улуу устаттан үлгү алган Анарбек Акматбеков дагы ички иштер кызматында эс алууга чыкканга чейин иштеп, чыгармачылыкты да колдон чыгарган жок.
СЫЙМЫКТАР ЭЭСИН ТАПКАНДА…
Чыныгы эмгеги сиңген адамдарга ар кандай даражадагы наам-сыйлыктар, ар кайсы тармак боюнча ыйгарылганда жалпы журтчулук, аны таанып-билгендер кошо кубанып, “сыйлык ээсин тааптыр!” деп, чын жүрөктөн, ак пейилден куттукташып, кошо сүйүнүшөт. Эгерде сыйлык-наам туура эмес жол менен, таланты, эмгеги татыктуу болбогон кандайдыр бир кишиге берилип калса ал наам-сыйлык дарегинен адашып, ал адамдын чыгармачылыгын жана адамдык сапаты, эмгеги кандай экендигин жакшы билген эл арасында талкууга түшүп, жаман атты болот. Башкача айтканда таяктын бир учу туура эмес сыйлык-наам алган адамдын дарегине-башына тийип, элдин да көңүлүн кирдетип, ал кишини да сый-урматтан ажыратат.
Ойчул акын, философ, педагог жана коомдук ишмер Анарбек Акматбеков сыйлык-наамдарга ээ болгондо аны танып-билгендер чын дилдеринен кубанып, куттукташып, жакшы сөздөрун ыроолошуп бирге кубанышты.
Башкача айтканда ал төмөндөгү сыймыктарга ээ болду:
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин “Кадырман” медалынын кавалери.
“Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги” наамынын ээси.
“Данакер-Лингво” коомдук маданий-илимий бирикмесинин “Мамлекеттик тилди, улуттук маданиятты өнүктүрүп, каада-салтты, үрп-адатты жайылтууга, адабиятка кошкон салымы, поэзияны аздектеген таланты үчүн “Жылдын мыкты акыны” номинациясынын ээси.
Эл аралык Чыңгыз Айтматов клубунун мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.
Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү.
Мына ушул сыймыктуу наам-даражалар Анабек Акматбековго бекеринен берилген эмес. Чын эле ал чыныгы талантка, Бакайдай болгон акыл-насаатка, ак пейилдүу адамдык асыл сапатка ээ тарбиялуу, мээнеткеч, эмгекчил, таланттуу инсан!
СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА
Баяныбыздын каарманы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү жана Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү Анарбек Акматбеков азыркы учурда коомчулук менен байма бай байланышып, фейсбукта бир топ группаларды ачып, алыста туруп болсо да окурмандарга агалык акыл-насаатын айтып, кыргыздардын Нью-Йорктогу Бакайы аталып жүргөнү аны билген Кыргызстандагы бизге да сыймык болуп саналат.
Мен акын, жазуучу, философ, педагог, коомдук ишмер Анарбек Акматбеков аганы эстегенде көзүмө 1974-1975-жылдардагы Токтогулдагы “Учкун” гезтинин басмаканасы, Үч-Терек, Саргата жана Жетиген айылым, окуучулук кездеги гезиттердин саргайган беттери, андагы ырлар, ырлардын аяк ченинде “Анарбек Акматбеков” деген жазуулар элестейт. Элестейт да ал жылдар кайра кайрылып келбей тургандыгын, биз ал учурга кайра бара албай тургандыгыбызды, мезгил алардын бардыгын ичине жашырып, биз билген, биз тааныган көптөгөн өмүрлөрдү өзү менен бирге алып кеткендигин, жүрөктө гана айыккыс болгон арман, өкүт, өкүнүч уюп калгандыгын сезем…
Абдымамбет САРИЕВ, жазуучу, Кыргыз Республикасынын
Улуттук жазуучулар союзунун Прездиумунун жана Башкармасынын мүчөсү.
Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү.
Кыргызстан жазуучуларынын Адабий фондунун Жетекчиси.