Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, Баткен облусунун Баткен районундагы «Орто-Боз» чек ара тозотуна барды.

Мамлекет башчысы аскердик кызматтын шарттары жана аскер кызматкерлеринин жашоо-турмушу менен таанышты. Чек арачылар менен баарлашып, аларды түйшөлткөн көйгөйлөрүн сурады.

Андан соң Садыр Жапаров Лейлек жана Баткен райондорун бириктирүүчү Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун курулушу менен таанышты.

Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун жалпы узундугу 44,1 км түзөт, V-техникалык категориясындагы шагыл жол куруу пландаштырылууда.

Бул жол Баткен районунун 17 айылынын тургундарын Лейлек районунун Исфана шаарына бир топ кыска жол менен баруусун камсыз кылат. Самаркандек — Мадиген — Даркум автожолунун курулушу чек араны бекемдөө жана өлкөнүн транспорттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча өтө маанилүү долбоор болуп эсептелет.

Мамлекет башчысы мамлекеттик чек арага жакын жайгашкан бул стратегиялык тилкеге жол салуунун өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров аймактардын экономикалык өсүшү менен туруктуу өнүгүүсүнүн негизги фактору болгон ички жолдорду куруунун зарылдыгына токтолду.