Коом

Каракол шаарынан дайынсыз жоголгон эки кыз изделүүдө

Каракол шаардык милициясы жарандардан дайынсыз жоголгон жашы жете элек өспүрүмдөрдү издөөгө жардам сурайт. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн облустук борбордун тургуну нөөмөт бөлүмүнө кайрылды. Анын айтымында, бир күн мурун саат 10.00 чамасында анын жашы жете элек кыздары 2005-жылы туулган Аделя Сапарахунова жана 2011-жылы туулган Мырзайм Сапарахунова үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келишкен эмес. Ошол эле учурда, улуу кызынын уюлдук телефону өчүк болууда.

Милиция жоголгон кыздардын белгилерин атады. Аделдин бою 155-160 сантиметр, Мырзайым 130-140 сантиметр, эки кыз тең арыкчырай бойлуу, чачы кара ийнинен ылдый, көздөрү кара, тоголок, бети сүйрү. Адель узун көйнөк, джинсы куртка, ак түстөгү кроссовка кийип жүргөн. Мырзайым — узун плащ көйнөк, кызгылт гелдүү тапочкалар. Кыздар кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Милиция жашы жете элек кыздарды тааныгандардан, алардын жүргөн жерин билгендерден Ички иштер башкармалыгына: 0392251380, 0392258413, 0701549102 же 102 телефондору аркылуу байланышууну өтүнөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button