Коом

УКМК Абдил Сегизбаевдин ооруканага түшүшү боюнча билдирүү таратты

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев коронавируска чалдыгып, ооруканага түштү. Бул боюнча УКМК маалымат таратып, Абдил Сегизбаев пневмониянын оор эмес жеңил формасына кабылып, учурда ооруканада дарыланып жатканын кабарлады.

«Сегизбаев ишемби, жекшемби күнү өзүн начар сезип, дене табы түшпөй жаткандыктан биздин кызматкерлер дүйшөмбүдө ооруканага жаткырышкан. Дарыгерлер анын пневмониянын жеңил формасына кабылганын айтышты», — деп билдиришти УКМКдан.

Эске салсак, Сегизбаевдин жактоочусу Кантемир Турдубаев анын эки өпкөсү пневмония болуп, №6 ооруканада кызыл зонада жаткандыгын айткан эле. Сегизбаев «Белизгейт» окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (“Кызмат абалынан кыянат пайдалануу”) негизинде кармалганы айтылып, 25-январда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Кийин ал УКМКнын тергөө абагына которулган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button