Уйку канбай, кишинин денеси жанчылып калгандай сезим слип-апноэ илдетинин белгиси болушу мүмкүн. Бул туурасында теле алып баруучу, дарыгер Александр Мясниковдун айтканын РИА Новости жазды.

Көрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жатып медик бул илдет өлүм кооптуулугун жаратарын айткан.

«Адам кечинде уктап, коңурук тартат, таңдайынын булчуңдары жумшарып, тамактын аба кирген жерин жаап калат. Коңуруктан улам бир нече ирет тынчып калат да, кайрадан кооптуу учур кайталанат», — деген.

Ал биринчи иретте синдромду аныкташ үчүн сомнолог-дарыгерге кайрылууга кеңеш берген. Эгерде диагноз аныкталса, жекече дарылоо керек болот. Балким уктап жатканда бузулган дем алууну калыбына келтире турган аппарат менен дарылоо — сипап-терапия да керек болушу мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Апноэ — дем алуу органдарынын иштебей токтоп калышы. Мындайда адам дем алайын десе да булчуңдар бошоп калгандыктан абаны өткөрбөй коёт. Бул жол кырсыгын да шарттайт. Изилдөөлөр боюнча, Америкада 2000-жылы 300 миңге жакын жол кырсыгынын себеби апноэ белгиси бар коңурук экендиги маалым болгон. Ушул авариялардан 14 миң киши мерт болгон. Автоунаа айдап бара жатып уктап кеткендин натыйжасында бул социалдык жактан да тобокелчиликке алып келип, өзү гана эмес башка кишилерге да зыян келтирери айтылган.