Коом

Бактыбек Кудайбергенов шаардыктардан кечирим сурады

Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаарында коомдук каттамдагы кичи автобус айдоочулары каттамга чыкпай шаар тургундарынын каттоосуна ыңгайсыздык жаратты. Мэрдин милдетин аткаруучу болуп иштеп жаткан Бактыбек Кудайбергенов  шаар тургундарынан кечирим сурап, абалды оңдоого аракет жүрүп жатканын айтты.

«Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана борбордун коноктору! Алгач, коомдук транспорттун ишиндеги учурдагы кырдаал жана шаарды айланып өтүүдө пайда болгон кыйынчылыктар үчүн кечирим сурайм!

Мен транспорттук компаниялардын өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрүп келгем жана бардык тараптар сүйлөшүү жолу менен чечүүгө даяр болушкан.
Мен шаар тургундарынын катышуусу жок, тарифтерди көтөрүү маселесин чече албайм, чечг укугум жок .
Мен коомдук транспорттун бааларынын ачык, так белгиленишин жактайм. Бул маселе эч качан ультиматум жана шантаж жолу менен чечилбейт!
Азыр Бишкек шаарынын калкын коомдук транспорттор менен камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлүп жатат. Буга чейин «Манас» аэропортунун жана Президенттин мүлкүн башкаруу департаментинин автобустары тартылган.

Урматтуу бишкектиктер, биз сиздин түшүнү менен кабыл алууузга терең ишенебиз жана жакын арада коомдук транспорттогу бардык маселелер изилденип, чечимдер кабыл алынат, айрыкча тарифтерге байланыштуу чекит коюлат деп ишендирип кетебиз!» — дейт Кудайбергенов.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button