Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаа кырсыкка учурап, айдоочу каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ,  2-июнда Чычкан капчыгайында катталды. Министрликтин билдирүүсүндө RENO үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа оодарылып, Чычкан капчыгайына түшүп кеткендиги айтылат.

«Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу (аты-жөнү такталууда) көз жумду. Жерине тартылган 5 куткаруучу каза болгон жарандын жансыз денесин унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти», — дешти мекемеден.