Кыргызстанда туруктуу туризм тармагын өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Көбүн эсе чет элдик туристтер өлкөгө жайында жана кышында келип эс алганы келишсе, башка учурда саякаттоого келгендердин агымы басаңдай түшөт. Жаратылышы кооз, туризмдин бардык тармагын мындан да жогорку деңгээлде өнүктүрүүдө бийлик органдары дагы кандай кадамдарга баруу керек? Жергиликтүү элдин туристтерди кабыл алууда маданияты кандай? Канткенде Кыргызстан экотуризмдин мекенине айлана алат? Бул боюнча алдыда кенен сөз кылмакчыбыз.

Британиялык «The Guardian» басылмасы 2021-жылы туристтерге саякат үчүн кооз жаратылышка ээ 12 мамлекеттин тизмесин сунуштаган. Басылманын 3-январда чыгарылган тизменин сап башында Кыргызстан дагы бар. Ала-Тообуздун ажайып кооздугуна суктанып, саякатка, экотуризмге келген туристтердин агымы жылдан-жылга өскөнү байкалат. Бир айга Кыргызстанга саякаттоого келген италиялык туристтер Петро Катопи, Имманула Дукот өлкөгө май айында келишкен. Буга чейин интернеттен маалымат чогултушуп, экологиялык жактан абасы таза, саякаттоого ыңгайлуу деп Кыргызстанды тандап алышкан.

Петро Катопи, Имманула Дукот: Кыргызстандын жаратылышы бизге абдан жакты

“Экөөбүз кыргыз жеринин кооздугуна суктанып, бир ай бул жакта эс алуу максатында келгенбиз. Алгачкы эле күнү Италиядан Бишкекке келээрибиз менен Ала-Арчага бардык, андан аркы сапарыбыз Ысык-Көлдө уланды. Бул жака көлдөгү, кооз жерлердин баарына барып, андан кийинки багытыбыз Нарындын Соң Көл жайлоосуна кымыз ичкени барабыз. Андан кийин Ош шаарындагы Сулайман-Тоого уланат. Бир ай ичинде Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырганыбыздан кийин мекенибизге кайтабыз. Кыргызстандын жаратылышы бизге абдан жакты, Ак-Суу деген жерге барганыбызда арча карагайлар көп экен, суусу тунук, абасы таза”,-дейт Петро Катопи.

Чет өлкөдөн келген туристтер жаратылыштын кооздугун айтышканы менен, ажаткана, таштанды маселесин көрүп турганы менен кеп кылгылары келбейт. Кыргызстанда акыркы убактарда ички туризм дагы өнүгө баштады. Шаардын аптаптуу ысыгына тажаган калаа тургундары тоону көздөй бет алганын көрүүгө болот.

Кыргызстанда фототуризмди дагы өнүктүрүү керек

“Жаратылышты коргоонун Кыргыз фонду” коомдук бирикмесинин төрагасы Айдар Бакиевдин айтымында, кийинки муундун туризмге болгон мамилеси өзгөргөнүн байкап, фототуризмге дагы көңүл буруш керек дейт.

“Өлкөнүн ар кайсы аймагына жумуштарым байланыштуу көп саякаттоого туура келет. Жергиликтүү тургундар тоого, жайлоого, көлгө эс алгандарды көп көрчү болдум. Мындан улам фототуризмди дагы өнүктүрсөк болот. Азыр жаңы муун башкача нукта кетип жатпайбы. Тоолорго барып жаныбарларды жакындан тартып, алардын сүрөттөрүн атайын фотоальбом кылып чыгарып, аны соцтрамакка жүктөп мындайча айтканда жаратылышты элге жайылтып, элди сулуулукка, жаратылышты сүйүүгө чакырган муун келе жатат десек болот. Мындан улам тоолуу мамлекеттерге азыр чоң мүмкүнчүлүк бар. Аны туура пайдаланып, ички туризмди өнүктүрүшүбүз керек”,-дейт Айдар Бакиев.

Айдар Бакиев кошумчалагандай, коңшу мамлекеттин элин өзүбүзгө тартуу үчүн экотуризмге көңүл буруп, мамлекет ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзсө бул тармактын келечеги чоң деген үмүттө.

“Экология менен туризм бири-бирине байланышта. Экотуризмди өнүктүрсөк туристердин агымы дагы көбөйөт. Жайлоо туризмин алсак ал жакта жылкынын санын көбөйтүп, кымыздын даарылык каситени калың элге жайылтуу керек. Ал үчүн жергиликтүү элге, саякаттоого келгендерге шарт түзүп берүүбүз керек. Турбазалардын санын көбөйтүү зарыл. Маселен коңшу мамлекет Өзбекстандын Фергана өрөөнүн алалы өзүндө эле 7 миллион эл жашайт, жайы ысык аларды эле өзүбүзгө чакырсак экономикабызга бир топ эле пайда түшмөк”,-деди Айдар Бакиев.

Баялы Саркулов: Туристтик аймакка жакын жерлерге кен казууну токтотуу зарыл

Жарандык активист, “Экотартип” коомдук уюмунун мүчөсү Баялы Саркулов болсо экотуризмди өнүктүрүүдө биринчи кезекте эл көп барган жерлерди изилдөөдөн өткөрүп чыгуу керек. Анткени айрым аймактарда кен казуу иштери жүрсө, кээ бир аймактар санитардык талапка жооп бербейт. Мунун кедергиси экотуризмге терс таасирин тийгизет.

“Эң алды туризмди, анын ичинен айрыкча экотуризмди өнүктүрүүгө ылайыктуу табияты төп келишкен аймактарды изилдеп, ал аймактагы жакын жерлерге кен казууга, химиялык өндүрүштөргө тыйуу салыш керек. Ар бир аймакка мүнөздүү биосфералык аймакты түзүп, бирдиктүү стандартты иштеп чыгышы керек. Жеке менчик туристтик компаниялардын өнүгүүсү үчүн мыйзамдык база менен камсыздап, колдоо көрсөтүү зарыл. Туризм дагы социалдык бизнеске кирет эмеспи жергиликтүү элге дагы ишкердикти эптеп кетишине өбөлгө түзүлөт эле. Мындан тышкары мамлекет “Жашыл экономика” долбоорун өлкөнүн негизги стратегия катары карап, ишке ашырууну кечиктирбей баштоо керек”,-дейт ал.

Экотуризмдин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизген кесепеттердин бири эс алганы барган жарандардын жаратылышка болгон кайдыгердиги. Бишкек шаарын эле алсак калаа тургундары көбүнчө эс алганы “Ала-Арча” жаратылыш паркына, Кегети, Кашка-Суу, Чуңкурчак капчыгайын көздөй бет алышат. Өкүндүргөнү көпчүлүгү өздөрү менен ала барган тамак-аш азыктары салынган желим баштыктарды, акыр-чикирлердин баарын туш келген жерге таштап, таштандыларды үймөктөй болуп калтырып кетишет. Бул өз кезегинде экотуризмдин өнүгүшүнө терс таасирин тийгизбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Эмилбек Умаралиев: Эл таштанды таштоодо олуттуу мамиле кылса

Бишкек-Чүй боюнча Айланы-чөйрөнү коргоо боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы Эмилбек Умаралиевдин айтымында, жайлоодо, тоодо, талаада калган желимбаштыктар салмагына жараша 200 жылдан 500 жылга чейин курчап турган айлана чөйрөдө бузулбай, сакталып тура берет.

“Экологиялык маданиятсыздык дейбизби көпчүлүк убакта желим баштыкты өрттөп жатабыз. Бул туура эмес, өрттөө учурунда аба катмарыбызга диоксидин концентрациялык уулуу заттар чыгат. Бул адамдын организмине аккумуляцияланып генофондго түздөн-түз залакасын тийгизет. Бүгүнүкү күндө жаратылыштын 8 пайызын полиэтилен калдыгы курчап жатат, бул өтө кооптуу коркунуч. Экологияны коргоо жалаң эле экологдордун иши эмес, жаратылышты, мекенди коргоо ар бирибиздин милдетибиз, бул мыйзамда да бар. Андыктан эң эле жөнөкөй нерсе үйдөбү же көчөдө, коомдук жайда, саякаттоодо болобу колубуздагы полиэтилен баштыктын көлөмүн кичирейтип, мыкчып аны таштанды чакага салышыбыз керек. Эгер баштыкты ошол бойдон калтырсак барып-барып таштанды таштоочу жайда калып, ал жерден кургап, шамалга учуп, биздин жайыттар булганып жатат. Натыйжада малдын ичине кирип, өлүмгө дуушар болууда”,-деди Эмилбек Умаралиев.

Эмилбек Умаралиев

Жыйынтыктап айтканда, экотуризм Кыргызстандын экономикалык жана социалдык жактан тез өнүгүшүнө зор салым кошууга көп мүмкүнчүлүктөрү бар келечектүү тармак. Ага көңүл буруп, мамлекет ишкерлерге шарт түзүп бериши керек. Ошол эле учурда кыргызстандык ар бир жаран жаратылышка аяр мамиле жасап, эс алууга барган учурда таштандыны туш келген жерге ыргытпай табият менен таттуу мамиледе болсо экотуризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзүлмөк.

 КУБАНЫЧБЕК МАМАТАЛИ УУЛУ