Саясат

ТИМ тажик элчисине нааразычылык нотасын тапшырылып, контейнер менен аскерлерин аймактан чыгарып кетүүнү талап кылды

Бүгүн, 4-июнда Тажикстандын элчиси Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакыртылып, Тажикстандын аскер кызматкерлеринин жана аскерлештирилген техникаларынын Кыргыз Республикасынын аймагына тереңдеп, атайылап кирип кеткендигине байланыштуу ага Тышкы иштер министрлигинин нааразычылык нотасы тапшырылды.

Тажикстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысына тажик тарап кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын деңгээлинде буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды, ошондой эле 2021-жылдын 1-майындагы эки мамлекеттин Коргоо министринин жумушчу жолугушуусунун Протоколун бузуу менен чек ара аймагындагы кырдаалдын курчушуна алып келген дагы бир чагымчыл аракеттерди жасап жаткандыгы эскертилди.

Ошондой эле кыргыз тарап эки мамлекеттин чек ара аймактарындагы кырдаалдын мындан ары курчушуна жол бербөө үчүн тажик тараптан орнотулган контейнерди Унжу-Булак аймагынан алып салууну жана аскер күчтөрүн, аскерлештирилген техникаларын аймактан чыгарып кетүүнү талап кылды.

4 – июнга караган түнү Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасынын Унжу-Булак аймагына Тажикстан контейнер орнотуп, аскердик техникаларын жана аскерлерин жайгаштырган.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button