Коом

Бишкектен Ошко такси менен бараткан Кытайдын жараны жолдо каза болуп калган

Ошто такси менен бараткан Кытайдын жараны жолдо каза болуп калган. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы  кабарлады.

Маалыматка ылайык, 3-июнга караган түнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына кабар келген. Окуя болгон жерге тергөө тобу барган.

Алгачкы иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1973-жылы туулган Кытайдын жараны Бишкектен Ошко такси менен келип, белгисиз себептерден каза болгону аныкталды. Анын эмнеден улам каза болгону азырынча белгисиз.

Такси айдоочусунун айтымында, ал көз жумганын Ошко келгенде билген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине мезгилсиз өлүм деп катталды. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза түзүлүп, бүгүнкү күндө тергөө иштери уланууда.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button