КоомЭкономика

Июнда бензиндин баасы дагы 2 сомго кымбатташы күтүлүүдө

Кыргызстанда июнь айында мунай продуктуларынын бир литри орточо эсеп менен 4 пайызга кымбаттаары күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.

Буга дүйнөлүк рынокто нефть азыктарына баанын көтөрүлүп жатканы себеп болууда. Мисалы, 1-июнда Brent үлгүсүндөгү нефтинин бир баррели 69,46 доллардан сатылды. Россиянын мунай базарында да дүң наркы өсүп жатканы байкалууда.

«Жогорку себептерди эске алганда июнь айында кара майдын баасы төрт пайызга кымбатташы күтүлүп жатат. Ошол эле учурда мунай сатуучу компаниялар баанын кескин өсүшүнө жол бербөөгө ниеттенип жатышат», — деп айтылат билдирүүдө.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button