Исфана шаарынын мэри болуп 30 жаштагы Чынгызбек Рысов шайланды. Шаардык Кеңештин 31 депутаттынын 17 си колдоп добуш берген.
Чыңгызбек Рысов 1991-жылы дарыгерлердин үй-булөсүндө туулган.
Жогорку билимдүү:
2009-2014 КРСУде Архитектура, Дизайн жана курулуш адистиги боюнча билим алган.
2019-жылдан ушул күнгө чейин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облусу боюнча башкармалыгы, Лейлек районунун башкармалыгы, Жарандык коргонуу бөлүмүнүн кызматкери
2017-жылдан 2019-жылдар аралыгында Исфана шаардык мэриясынын уюштуруу иштери боюнча жетектөөчү адис болуп эмгектенген.
2019-жылдан тартып ӨКМ дин Баткен облусу боюнча башкармалыгы, Лейлек райондук бөлүмү, Жарандык коргонуу бөлүмүнүн кызматкери кызматын аркалап келген.
Эске салсак, Исфана шаардык мэриясына үч талапкер ат салышкан. Жыйынтыгында:
Чыңгызбек Рысов — 17,
Ташболот Козубаев — 9,
Бакыт Тагаев — 5 добушка ээ болгон.