Коом

Орхан Инандынын жоголушу. 2019-жылы Кыргызстан аны өткөрүп берүүдөн баш тарткан

Түркия акыркы жолу эл аралык «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инандыны өткөрүп берүүнү 2019-жылы талап кылган.

Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Ал анда Орхан Инанды Кыргыз Республикасынын жараны экендигине таянып, Кыргызстан Түркияга өткөрүп берүүгө баш тартканын белгиледи.

«Орхан Инанды Кыргызстандын жарандыгын 2012-жылы декабрда алган, ал эми Түркияда мамлекеттик төңкөрүш 2016-жылы болгон. Башкача айтканда, жарандыкты төңкөрүштөн бир топ жыл мурун  алган».

Түркияда Орхан Инанды террорчуларды даярдаган жана башка оор кылмыштар үчүн айыпталууда. 2019-жылы аны өткөрүп берүү өтүнүчү келип түшкөн, биз баш тартканбыз. Андан кийин эки тараптуу мамилелер салкындап кетти», — деди Айбек Артыкбаев.
«Эгерде Ички иштер министрлигинин тергөө тобу Тышкы иштер министрлигине Орхандын жубайы Инандынын элчиликтин имаратында кармоо тууралуу билдирүүсүн текшерүү өтүнүчү менен кат жөнөтсө, биз аны Түркиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө өткөрүп беребиз», — деди министрдин орун басары билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги 2019-жылдан бери Орхан Инанды боюнча аларга кайрылбагандыгын айтты. «Акыркы жолугушууда биз дагы элчи Орхан Инанды маселесин көтөрөт деп ойлогонбуз. Бирок сүйлөшүү башка адам жөнүндө жүрдү», — деди ал.
Эскерте кетсек, Орхан Инанды 2021-жылдын 31-майында жоголгон. Сегизинчи күн ал жөнүндө эч нерсе билгисиз.
«Сапат» Эл аралык Билим берүү мекемесинин президентинин жубайы Рейхан Инанди буга чейин күйөөсүн табууга жардам берүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылган.Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында тергөө-ыкчам тобу түзүлдү.

Ошондой эле мамлекет башчы УКМКга жана Ички иштер министрлигине Кыргызстандын жаранын табуу боюнча тергөө-оперативдик иш-чараларын күчөтүүнү тапшырды.

«Сапат» мектебинин мурунку жетекчиси Орхан Инандынын дайынсыз жоголуу фактысы боюнча «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Анын тарапташтары 1-июндан бери нааразычылык акцияларын өткөрүп жатышат. Митингге чыккандар Орхан Инанды табылганга чейин митингдин уланарын айтышты.

Мөөнөтсүз акциянын катышуучулары «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин президенти уурдалган жана уурдоого Түркиянын атайын кызматы катышкан деп эсептешет.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button