Казакстандын Коргоо министрлиги Кыргызстан менен Тажикстанга көрсөтүлө турган аскерий-техникалык жардам тууралуу түшүндүрмө  берди.

Аталган министрликтен белгилешкендей, Казакстандын эки коңшу мамлекеттин ортосундагы чек ара чырынын ырбашына түрткү берүүгө ниети жок.

Tengrinews маалымат порталы билдиргендей, 2019-жылдын декабрь айында Тажикстандын Коргоо министрлиги тажик-ооган чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу казак тарапка аскердик-техникалык жардам сураган. Акысыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча өкмөттөр аралык келишим иштелип чыгып, 2021-жылдын 17-апрелинде кол коюлган.

Ушундай эле макулдашууга 2-мартта Кыргызстан менен кол коюлган.

«Башкача айтканда, Кыргызстан жана Тажикстан менен болгон макулдашууларга чек арадагы чырдын курчушуна чейин кол коюлган. Учурда кол коюлган макулдашууларды ратификациялоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Аталган мамлекеттерге аскерий-техникалык жардам көрсөтүү Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара чырынын ырбашына түрткү берүү ниети менен жасалган жок. Аталган макулдашууларга Ооганстандан эл аралык коалициянын аскерий күчтөрүнүн чыгарылышына байланыштуу кол коюлган

Андан тышкары Кыргызстан менен Тажикстанга аскерий-техникалык жардам кырдаал турукташып, тараптар ортодогу пикир келишпестиктерди жөнгө салуу тууралуу макулдашууга жеткенден кийин гана бериле баштайт», — деп билдирет Казакстандын Коргоо министрлиги.