Коом
ИИМдин Академиясынын кызматкери менен курсанттар сууга агып бара жаткан кызды куткарып калышты. Сүрөт
2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттары Б. Молдосанов, Тынчтык уулу М., Б. Акматов жана Академиянын кызматкери милициянын прапоршиги М. Осеков Аламүдүн -1 кичи районунда сууга агып бара жаткан жаш өспүрүм кызды куткарып калышты.
Кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына тапшырып беришти.
ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы