Саясат

Бразилиянын Президенти бет кап тагынбаганы үчүн экинчи ирет айыпка жыгылды

Бразилиянын Президенти Жаир Болсонаро Сан-Паулу штатында мотоцикл жарышында бет кап кийбегендиги үчүн айыпка жыгылды, — деп билдирет Business Insider басылмасы.

Жарыш учурунда Болсонаро алгач колоннада колдоочулары менен мотоцикл айдап, андан кийин адамдар менен баарлашкан.

Гезит маалымдагандай, иш-чарага 12 миң мотоциклист катышты, алардын көпчүлүгү коргонуу маскаларын кийишкен жок, коронавирустук чектөөлөрдү бузушкан. Ошентип, Бразилиянын лидери 110 доллар  айып пул төлөөгө аргасыз болот.

Болсонаронун өзү толук эмдөөдөн өткөндөр беткап кийбеши керек деп эсептейт.

«Бул сунушка каршы болгондор илимге ишенишпейт, анткени эмдөөдөн өтсө, вирус жугушу мүмкүн эмес», — деди президент.

Эске салсак, Жаир Болсонаро коронавируска өткөн жылдын март айында чалдыккан.

Буга чейин Болсонарога  Бразилиянын башка штатындагы митинг учурунда коомдук жайда маска кийбегендиги үчүн айыппул салынган.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button