Түркиянын атайын кызматы Орхан Инандыны уурдап кетиши мүмкүн эмес. Бул тууралуу парламенттин жыйынында КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Рустам Мамасадыков билдирди.

Анын айтымында, эч кандай чет элдик укук коргоо органдары жана башка органдар Кыргызстандын аймагында атайын операция жүргүзө албайт.

Ошондой эле, ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев жактоочуларды ишке тиркелген видеотасмаларды жайылтпоого үндөдү, анткени бул тергөөнүн жүрүшүнө кедергисин тийгизет.

Эскерте кетсек, “Сапат” кыргыз-түрк лицейлер тармагынын негиздөөчүсү Орхан Инанды үстүбүздөгү жылдын 31-майында Бишкекте жоголгон. Милиция «Адам уурдоо» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны издөө иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ички иштер министри Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө.

«Сапат» билим берүү мекемеси окуу жайдын президенти Орхан Инандынын жүргөн жерин аныктоо үчүн сый акы бере турганын жарыялаган.