Нарында 50 жаштагы киши келинин өлтүрүп, өз жанын кыйды

Нарында 50 жаштагы киши келинин өлтүрүп, өз жанын кыйды. Бул тууралуу  Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-июнь күнү саат 06:30 чамасында Ат-Башы РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун Ат-Башы айылынын түштүк тарабындагы Дамбы участкасындагы токойдун жээгинде “Женя” аттуу адам бакка асынып каза болуп калганын билдирген.

“Окуя болгон жерге тергөө тобу барган учурда 50 жаштагы эркек адам жип менен асынып турган абалда табылган. Маркумдун денесинин сыртынан кароо жүргүзгөн учурда, анын моюнунда жиптин издери жана оң колунун манжалары курч нерсе менен кесилген жаракаттары бар экендиги аныкталган. Окуя болгон жерге маркум кишинин 49 жаштагы бир тууган иниси чакыртылган.

Ошондой эле ал 15-июндан тарта 38 жаштагы аялы дайынсыз болуп жаткандыгын кошумчалап, аны таап берүүнү суранып арыз жазган. Арыз Ат-Башы РИИБинин маалымат эсеп журналына катталып, издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.

Окуя болгон жерден алыс эмес, тактап айтканда батыш тарапты көздөй болжолдуу 500 метр аралыктагы жерден аял кишинин жансыз денеси табылган. Ал Ат-Башы районунун 1983-жылы туулган К.Н. аттуу дайынсыз болуп жаткан келин экендиги такталган. Маркумдун денесинин сыртынан кароо жүргүзгөн учурда, күч колдонулган белгилери аныкталган. Милиция кызматкерлеринин алдын ала болжолдуу иликтөөлөрүнө ылайык, келинди кайын агасы таш менен чаап, учтуу курч нерсе менен сайып өлтүрүп, андан соң өз жанын кыйган”, – деп билдиришти Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан.

Учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, күбөлөр сурак берүүдө. Бул окуянын чоо-жайын териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.