Ошто ресторандарга 1-июлдан тарта банкет, той өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык нормалар күчөтүлүп, коомдук тамактануучу жайларда, кафе-ресторандарда текшерүү жүрүп жатат.

1-июлдан тарта Ошто той-маараке өткөрүүгө тыюу салынды. Ресторандарга кийинки айга буйрутма албоо сунушталды.

Учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Чүй жана Ош облусунда вирустун жайылышы күч алганы байкалууда.

Бүгүн, 18-июнга карата өлкө боюнча,  653 адамдан илдет аныкталып, 4 бейтап каза болду.