Ысык-Көл облусунун аймагында мыйзамсыз жүгүртүүдөн курал-жарактарды, ок-даарыларды, жарылуучу заттарды жана каражаттарды алуу максатында, ошондой эле жарандык кызматтык жана күжүрмөн куралдар менен байланышкан укук бузуулардын алдын алуу үчүн «Арсенал» аталышындагы операция болуп өттү.

Он күндүк операциянын жүрүшүндө, лицензиялык-уруксаат берүү кызматы, милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрү менен бирдикте 3 миӊден ашык ок атуучу куралдын ээлери текшерилди. Текшерүү учурунда, ок атуучу куралдардын сактоо эрежелерин мөөнөттөрүн бузуунун 47 учуру аныкталып, Бузуулар кодексинин негизинде протоколдор түзүлүп, жалпы 15 миӊ сом өлчөмдө айып пул салынды. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 15 бирдик, анын ичинен 2 сайлуу ок атуучу курал-жарак алынып, алардын ар кандай кылмыштарга колдонулганын, же колдонулбагандыгын аныктоо үчүн соттук-баллистикалык экспертизалар дайындалды.

Операциянын жүрүшүндө, башка кылмыштардын бетин ачууга да өзгөчө көнүл бурулуп, 28 кылмыштын бетин ачууга, издөөдө жүргөн кылмышка шектүү 2 адам кармалды жана баӊги кылмышы менен байланышкан 11 факты ашкереленди.

Мекемеден билдиргендей, ок атуучу курал, ок-даарылар, жарылуучу заттар ар дайым адамдардын өмүрүнө жана коопсуздугуна чоӊ коркунуч туудурат. Ал эми, алардын сактыгына жана колдонууда көӊүл коштук мамиле кылынса, коркунуч бир нече жолу жогорулайт. Ушундан улам, Ысык-Көл облусунун аймагында, милиция кызматкерлери тарабынан адамдардын коопсуздугун жана өмүрүн сактоого, андан тышкары ок атуучу куралдарды колдоону менен кылмыштын алдын алуу максатында ар дайым ушул өндүү иш -чаралар тынымсыз өткөрүлүп келүүдө.

 

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы