Президент Садыр Жапаров өз сөзүнүн кожоюну. 3 ай ичинде бир нече сыноону баштан кечирди. Азамат, шүгүр дейлик. Өзүн мыйзамдаштырды, тыш менен мамилени колдон келишинче жылуу баштады. Орус, казак, өзбек, түрк элине барып келди. Шавкат Мирзиеев мырза менен кыргыз-өзбек чек арасын дээрлик 96 пайыз макулдашты. Баткен сыноосунан абийир менен чыкты, Путинди эсептешүүгө мажбур кылды. Эрдоган мырзанын сыйлоосуна жарады. Рахмонду оордуна койду. Ошону менен тышкы күчтөрдү эсептештирди.

Бул оңой эмес. Эски бийликтин омурткасын омкорууга киришти. Акулаларды түрмөгө тыкты, дагынкысы дагы болот. Бир тобунун калтасын кагып жыртылган бюджетти жамап берди. Бул убактылуу тактикасы. Карыздын бир тобун жапты, 30 млрд сом. Жер Үй 1 млрд сом пайда алып келипир. Эмне дейбиз. Эл аралык кылмышкер компания «Центерра Голдду» Кумтөрдөн кылдат кубалап чыкты. Ойлонулган операция. Алгачкы пайда 40 млн доллар. Мамлекеттүүлүктү чыңдоого кадам жасады. Жаңы Конституция аркылуу ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУ формасын киргизди, бул жоопкерчиликтүү жана бүтүн бийлик.

Ошентип ал бийликти акырындап колго алууга киришти. Жеке керт башына жоопкерчиликти алды, оор жүктү мойнуна илди, улуттун тагдырын колуна алды. Арканды алыска таштай алат, акырындап жыйнай алат. Мыкты сапаттарын көргөздү. Сабырлуу, жөнөкөй, энергиялуу, чечкиндүү, жылдыздуу, адамкерчиликтүү, элге жакын, түшүнүктүү, эр жүрөк, кежирлиги жок, катасын тез оңдой алган сапаттарын көрдүк. Бүгүн ага каршы ички-тышкы күчтөр көп. Ал эски бийликтин белин сындырып, байланыш чынжырларын үзүп жатат. Акылы тунук, көзү курч, көөдөнү кең. Кыска мөөнөттөгү анын ишке ашыра алгандары анын ойлогон оюн ишке ашырууга жөндөмдүү кудуретинен кабар берет.

Мээ чыңалткан уйкусуз түндөр, ооруган баш, баш-аягы жок жолугушуулар, сүйлөшүүлөр, маселелер, чечимдер, самолет, автожолдор, чет мамлекеттердин, өлкөнү 3-4 айлануу, канча күч, канча нерв. Өлкөнүн тагдырын көтөрүп турган ийин. Ушунун баарын көтөрүп жүрүү оңойбу. Оор, татаал жоопкерчилик. Сыртынан сыр билдирбеген токтоо, ичинен күйүп турган жан-дүйнө. Көрүнгөндүн башын айтып сындап, тепкилеген нааразы эл. Жашоо катасыз болобу, талкаланган башкаруу, экономика, оору-сыркоо эл. Ички-тышкы масштабдуу саботаж, миллиондогон долларга иштеген каршылаштар. Маалыматтык согуш, психологиялык кысым. Акылы жетип, элестете алган киши түшүнөт. Буюрса мамлекеттик башкаруу системасын реформалоого жол алат. Башкысы — элдин колдоосу. Үмүт. Бул элге да, мамлекетке да өтө зарыл. Кандаштарым

Бакыт Алиев