23-июнда шаардык сот Жогорку Кеңештин депутаты, экс-вице-спикер Төрөбай Зулпукаровдун баш коргоо чарасын карап, буга чейин чыккан Биринчи май райондук сотунун  чечимин күчүндө калтырып, жактоочулардын даттануусун орундаткан жок.

Төрөбай Зулпукаров Кумтөр кенин иштетүүгө байланыштуу коррупциялык иштерди тергөөнүн алкагында 31-майда УКМКга суракка чакырылып, андан соң кармалган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында камакта.  Буга байланыштуу эл өкүлүнүн тарапташтары, белгилүү коомдук жана саясий ишмерлер бийликке кайрылып, Төрөбай Зулпукаровду камакка алуу мыйзамсыз экенин айтып, ага кошумча анын буга чейин мамлекет, эл үчүн  жасаган иштерин эске алуусун суранышкан.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаровго болгон тергөө иштери калыс, акыйкат жана ачык жүргүзүлүп, эл өкүлүн үй камагына чыгарууну шаардык соттон өтүнүштү.

Буга кошумча, тергөө жана сот органдарына Төрөбай Зулпукаровду күнөөсүз экенин далилдөөгө мыйзам чегинде мүмкүнчүлүк бериши керектигин эске салып, парламентарийдин тергөө иштерине жана сот чечимине таасир тийгизбешине кепилдик беришкен.