Коом

Ноокатта милиция бөлүмчөсүнө милициянын отставкадагы майору Суранов Айтибайдын ысымы ыйгарылды

  2021-жылдын 23-июнь күнү Ноокат районундагы Жаңы-Базар айылдык милиция бөлүмчөсүнө милициянын отставкадагы майору Суранов Айтибайдын ысымы ыйгарылды.

Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов катышты.  Министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Суранов Айтибайдын өмүр баянына кыскача токтолуп, элине ак эмгек менен кызмат кылган  уулун колдоп,  ысымын түбөлүккө калтыруу максатында аталган айылдык милиция бөлүмчөсүнө ыйгаргандыгы үчүн Ноокат элине ыраазычылык билдирди.

Бөлүмчөгө орнотулган А.Сурановдун айкелин ачып, имараттын иш бөлмөлөрү менен таанышып чыкты. Андан соң имараттын ремонтуна көмөк көрсөткөн жарандарга министрликтин сыйлыктары тапшырылды. Өз учурунда сөзгө чыккан Ноокат райондук мамлекеттик админстрация  башчысы- аким Дамир Иманалиев ыраазычылыгын билдирди жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө ысымы коюлган кесиптешин кадырлаган аталган бөлүмчөнүн кызматкерлери башкаларга үлгү болооруна ишенимде экендигин баса белгиледи.

Ош ОИИБдин  Ардагерлер кеңешинин төрагасы Курсанбек Камчыев жана Ноокат РИИБнин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Сулайманов Нематилла бул саамалык келечек муундарды тарбиялоодо чоң тарбиялык мааниси бар экендигине токтолушуп, жаш кызматкерлерди ак кызмат кылууга чакырышты. Бул салтанаттуу аземге Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Жеңишбек Абитов да катышты.

Суранов Айтибай жөнүндө кыскача маалымат.

Милициянын майору Суранов Айтибай Шамурзаевич 1947-жылдын 5-апрелинде Ош облусунун Ноокат районунун Жар-Коргон айылында туулган. 1970-жылдан 1993-жылга чейин ички иштер органдарында кызмат өтөгөн.

Кыргыз ССРнин ички иштер министрлигинин “Ардак грамотасы”,  “В.И.Лениндин 100 жылдыгы” , “За безупречную службы”, “Кадырман”, “Кыргыз милициясына 85 жыл”, “Кыргыз милициясына 90 жыл ” юбилейлик медалдары менен сыйланган.

Суранов Айтибай Шамурзаевичтин 3 уул, 1 кызы, 13 небереси бар.

 

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button