Жылдыз Жолдошева Президентти Тажикстанга барбоого кеңеш берди. Бул тууралуу экс-депутат фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Төмөндө текстти өзгөртүүсүз беребиз:

«Кыргыз элин, азыркы кылымга дейри бир гана “намыс” сактап келе жатат жана сактайт. Анткени, кыргыз эли өтө “намыстуу эл”.

28 апрель 2021 жылы,

Эмомали Рахмон кандуу согушту баштап, 44 жараныбыздын өмүрүн алып кетти, (арасында өспүрүм балдарыбызды дагы) үйлөр өрттөнүп, кыргыз элинин “намысы” тебеленип калган эле…эмне бийлик бат эле унутуп калдыңарбы?

Садыр иним, Сиз бир “бизнесмен” эмессиз да, бизнес үчүн, “намысты” четке кагып коюп, баарын кечирип, партнёруңуздун “үйүнө” чай ичкени барганы…Сиз деген эгемендүү Кыргыз Республикасынын Президенти болосуз. Ошондуктан, Сиз кандай кырдаал, абал болбосун “улуттук намысты, туубуздан да, бийик көтөрүп жүрүшүңүз” керек.

Туура, эки президент жолугушуусу, о.э.маселелер чечилиши абзел.

Бирок, нейтральный территорияда. Баткен окуясы, Садыр Нургожоевич, Сиздин жүргүзүп жаткан бийлигиңиздеги өчпөс ” кара так”, мен каалабайт элем…Э. Рахмон менен Душанбеде жолугуп ” экинчи кара такты” ордендей көкүрөгүңүзгө тагып алганыңызды.

Азыр да кеч эмес, жолугуушуну “нейтральный” территорияда өткөрүүгө. Урматтуу Президент, Садыр Жапаров мырза, Сиз унутпаңыз эч качан, кыргыз Манастын тукуму экенин»,-деп жазды.