Ош ОИИБдин криминалдык милиция кызматынын жана Араван районунун  ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан тынымсыз жургүзүлгөн комплекстүү  ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүү кылмышынын бети ачылды. 2021-жылдын 27-июнь күнү  А.Онун өлүмү боюнча шектүү катары 16 жаштагы Ю.А. кармалды.

Жазык ишинин жүрүшүндө маркумдун жашаган үйүнөн жалпы суммасы 900.000 сомго жакын  накталай акча каражаттары жоголгундугу аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттеринин жүрүшүндө,  Араван районунун С.Юсупова а/а Ак-Сарай айылында жайгашкан бактын ичинде кылмыш иш боюнча,  далил буюм катары акчанын турган жери боюнча маалымат алынган.

Аталган маалыматты текшерүү учурунда Араван районунун С.Юсупова а/а  жайгашкан маркумга таандык болгон бактын арасынан А.Онун үйүнөн уурдалган акчалардан 783 500 сом акча каражаттары алынган.

Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө жашы жете элек 16 жаштагы Ю. Аны Араван райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкери, жактоочу У.Б, жана  тай атасынын катышуусунда сурак кылуу учурунда, 2021-жылдын 25-июнь күнү Араван районунун С.Юсупова а/а Б.Ибраимов көчөсүндөгү үйлөрдөгү тууганынын акчасын уурдап жатканда жээни көрүп калгандыктан, кылмышты жашыруу үчүн аны өлтүргөндүгүн толугу менен мойнуна алган.

Ошондуктан 16 жаштагы Ю.А 2021-жылдын 28-июнь күнү  КРнын ЖПКнын 98-бер. негизинде Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы