Шаршембиге карата аба ырайы

Шаршембиде күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +32…+37, Таласта +31…+36, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +33…+38, Ысык-Көлдө +24…+29, Нарын чөлкөмүндө +25…+30 градус жогорулайт.

Күндүн табы Бишкекте +35…+37, Ош шаарында +36…+38, Чолпон-Атада +26…+28 градуска чейин ысый турганы айтылды.