Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы курам Жогорку Кеңеште беркитилгенден кийин 5 күн аралыгында тандалат. Бул тууралуу БШКнын төрайымынын биринчи орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, жаңы төрага жана анын орун басарлары БШКнын биринчи жыйынында тандалат.

«Мыйзам боюнча төрага жаңы курам бекитилгенден кийин 5 күндүн ичинде шайланууга тийиш. Бүгүн биринчи гана күн»,-деди ал.

Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш БШКнын жаңы курамын бекиткен.

Президенттин квотасы боюнча Боршайкомдун курамына учурдагы төрайым Нуржан Шайлдабекова, Марс Бакытбеков, Анар Дубаебаев, Нурлан Тойчиев, Акбалык Жумалиева жана Айдана Жулуева сунушталды.

Парламенттин квотасы боюнча: Абдыжапар Бекматов, Искендер Гайыпкулов, Акылбек Эшимов, Тынчтыкбек Шайназаров, Узарбек Жылкыбаев, Кайрат Маматов.