Коом

ИИМ милициянын офицерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” ардактуу медалын тапшырышты

2021-жылдын 2-июль күнү ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев түзүмдүн  басма сөз кызматынын кызматкерлеринин жубайларына сыйлыктарын тапшырды. Сыйлоо аземи ИИМдин музейинде болуп өттү.  Султан Жоошбаев медалдын келип чыгуусу боюнча кыскача айтып берип, сүрөттөгү ар бир түстүн өзүнчө мааниси бар экендигине токтолду.

Бул өзгөчө медаль- ички иштер органдарында иштеген офицерлердин аялдары  жолдошторунун ишенимдүү таянычы болуп, үй-бүлөлүк очоктун бейпилдигин жана коопсуздугун камсыз кылып, турмуштук оор кырдаалдарда дагы ишенимдүү жана чыдамдуу бойдон калган эбегейсиз зор ролун терең урматтап таануунун белгиси.

Бардык кыйынчылыктарды тандаган адамдарыңыздар менен бирге  жеңип, алардын  сүйүктүү аялы, ишенимдүү досу жана тиреги бойдон калып, ар дайым  колдоп келгениңиздер үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Сиздер бул сыйлыкка татыктуусуздар», — деди милициянын отставкадагы полковниги Султан Жоошбаев.

Офицерлердин жубайлары  жолдошторунун жашоодогу чыныгы, ишенимдүү жана берилген достору,  ишенимдүү тиреги, колдоочусу жана бакыты. Алар  сабырдуу жана чыдамкай боло алышат.  Өз жолдошторуна ишенип, аларды кызматынан күтүп, колдоо көрсөтө алышат. Офицерлердин жубайларынын чыныгы күчү ушунда.

Бүгүн, “Офицердин жубайы” медалдары менен Калбубу Батырбекова, Атыргуль Буудайбекова жана Асель Айталиева сыйланышты.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button