Борбор калаада Свердлов Акимиаты мечиттерде санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоо боюнча рейд өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыгынын жана Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

“Уюштуруучулар коронавирус инфекциясынын жайылуусунун алдын алуу боюнча плакаттарды таркатышып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жарандарга маска кийип, санитардык нормаларды так сактоо керектиги эскертилди.

Урматтуу жарандар! Эгерде сиз өзүн жаман сезсеңиз, 118 колл-борборунун дарыгерлерине кайрылсаңыз болот, сизге сөзсүз кеңеш берилет. Биздин операторлор сизге ар дайым жардам берүүгө даяр. Маска кийүүнү, колуңузду антисептик менен дарылоону, аралыкты сактоону жана албетте иммундук системаңызды чыңдоону унутпаңыз. Өзүңүзгө жана жакындарыңызга кам көрүңүз!”-деп айтылат маалыматта.