Башат жана баскан жол

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик фельдъегердик кызматынын түзүлүшү жана өнүгүү тарыхы Россия менен бекем байланышта болуп турат. Россиянын тарыхында 1710-жылы 17-ноябрда Пётр 1 Россия Падышачылыгынын документтерин тез арада максаттуу жерлерге жеткизүү үчүн, Санкт-Петербургдан Москвага чейин атайын курьердик маршрутун ачуу туурасында указга кол койгон. Бул указ, Пётр 1-нин 1716-жылы 30-мартта аскердик-курьердик байланыш кызматын түзүү жөнүндө указын бекиткенге негиз болгон. Россияда кийин биринчи фельдъегердик корпус 1796-жылы 17-декабрда император Павел 1-нин указы менен түзүлгєн. Фельдъегерлердинөздүк курамы буйруктарды, баалуу кагаздарды жана жөнөтмөлөрдү жеткизүүнү ж.о.э. жогорку даражадагы адамдардын коопсуздугун камсыз кылып турушкан. Ошол күндөн ушул кезге чейинки убакыттар ичинде, фельдъегердик кызмат мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара ички жана сырткы байланыштарындагы маанилүү документтерди (жашыруун кат-кабарларды), убагында жеткизүү коопсуздугун камсыз кылууда өзүнүн ордун жоготпой келет. Салыштырып айтканда, фельдъегердик кызмат мамлекеттин «кан тамыры» сыяктуу милдет аткарат десек болот.

Фельдъегердик кызматтын ишин 20-кылымдын башындагы толкундоолор да токтото алган эмес. Ал түгүл революциялык кырдаал дагы ишенимдүү байланышка муктаж болгон. Кийин жаш Совет өлкөсүндө дагы курьердик байланышка муктаждыктар абдан курч болгон.

Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында дагы фельдъегердик кызматөзүнүнөчпєс ордун тарыхта калтырып кете алган. Атайын түзүлгєн «Лётная группа» тобу Жогорку башкы башкарууну, башкы штабды, мамлекеттик коргоо комитетин фронттук бекемдєєлєр менен байланыштырып турган башкы байланыш звеносу болгон. Согуш жылдарынан кийинки мезгилде фельдъегердик кызмат СССРдин ички иштер министрлигинин башкаруусунаөткєн жана өзүнүн негизги милдеттерин аткара баштаган.

1991-жылы өлкөдөгү болуп өткөн саясий экономикалык жана жалпы коомдук өзгөрүүлөргө байланыштуу фельдъегердик кызматында да кайрадан түзүүлөр орун алды. Кыргыз Республикасы дагы өз алдынча көз карандысыз мамлекет болду жанаөзүнүн мамлекеттик бийлик структураларын бекитти. 1991-жылы 27-декабрда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик фельдъегердик кызматын түзүү жөнүндө Кыргыз өкмөтүнүн токтомунун негизинде фельдъегердик кызматы өз алдынча кызмат катары иштеп баштады.

Ошол күндөн тартып Кыргыз Республикасынын мамлекеттик фельдъегердик кызматы өз ишин татыктуу аткарып келет.

Биз аталган кызматтын башчысы, ички кызматтын полковниги Айбатиев Руслан Турсунбаевич менен маараке алды маек курдук.

Руслан Айбатиев: «Фельдъегерлик кызматта мамлекеттин сыры жашырылган»

-Руслан Турсунбаевич, Кыргызстандагы фельдъегерлик кызмат анын түзүлүш тарыхы тууралуу айтып өтсөңүз?

-1926-жылы 7-июлда СССРдин буйругу менен Кыргызстанга фельдъегерлик кызмат расмий негизделген. Мен кызматка келген күндөн  баштап, кантип белгилесек болот деп, тарыхын ийне жибине чейин изилдеп чыктым. 1991-жылы 27-декабрда КМШ өлкөлөрүнүн премьер-министрлери координациялык кеңешме түзүп, кол коюу иш-чарасы болгон экен. Изилдөө ишин жүргүзүп жатканда Москва шаарынын архивине кат жөнөтүп, ошол жактан да маалымат алдык. Андан соң кесиптештер болуп чогулуп, кайсы датадан баштап белгилейли деп талкууга салдык. Кээ бирөө эгемендикти алгандан кийинки датаны сунуштады. Бирок, көпчүлүк, 1926-жылдан берки күндү эле белгилейли деген чечимди колдошту.

Азыр көрүп турасыздар, COVID-19 илдети жайылып, коомчулукка абдан чоң таасирин тийгизип жатат. Ушуга байланыштуу ички иштер министринин биринчи орун басары менен алдын ала сүйлөшүп, эгерде оорунун саны көбөйбөсө, санитардык эрежени сактап, 95 жылдык мааракени белгилөө туурасында кеңешип чыктым. Эгер, иш-чара уюштура турган болсок, ардагерлерди чакырып, өз ишин мыкты билген адистерге жана жетекчилерге белектерди ыйгаруу боюнча пландар бар. Андан сырткары 95 жылдык мааракеге арналган атайын медаль жасаталы деп, буйрутма берип койдук. Ошол күнү мүмкүн болуп, ардагерлерди чогулта алсак, ардагерлер кеңешинин тєрагасын бекитип алсакпы деп да турабыз. Себеби, республика боюнча 60дан ашык ардагерлерибиз  бар экен. Буга чейин аталган кызматтын өзүнчө ардагерлер кеңеши болгон эмес.  Ал эми каражатты мамлекеттен албай демөөрчүлөрдү таап, өзүбүз өткөргөнгө аракет кылып жатабыз.

-Фельдъегерлик кызмат бүгүнкү заман талабына канчалык түрдө шай келет? Артыкчылыктары менен кемчиликтерине токтоло кетсеңиз.

-Бул кызматты мурда сыртынан эле билчү элем, азыр болсо тактап, изилдеп окуп, билдим. Бул жакта мамлекеттин сыры жашырылган десем болот. Маселен, заманга шайкеш болсо да айрым учурда электрондук түрдө жибере албаган мамлекеттик органдардын сырлары болот. Аларды бир гана кагаз түрүндө жеткирип, бардык жол-жобосу, өзүнүн   көрсөтмөлөрү    менен бекитип берген биздин кызмат. Фельдъегерлик кызмат ИИМдин карамагына өткөндөн кийин биз көрсөтмөлөрдү  карап чыкканбыз. Ал көрсөтмөлөр эскирип, калгандыктан азыр биз жаңы көрсөтмөлөрдү иштеп чыгып, ИИМ тутумундагы Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгына, Катчылыкка, Коомдук коопсуздук кызматына, Финансы-чарбачылык камсыздоо  башкы башкармалыгына жибердик.

-Жаңы көрсөтмө менен эски көрсөтмөнүн айырмасы эмнеде?

-1996-жылы эски көрсөтмө иштелип чыккан. Мисалга, кинематографияны кантип ташыш керек, ошого карата көрсөтмө болгон. Азыр болсо алардын ордун USB-флешкалар толуктап жатат. Аларды кантип таңгакташ керек деген сыяктуу суроолорго өзгөрүү киргиздик. Мындайча айтканда замандын шартына ылайыктап жатабыз. Экинчиси, бул кызмат мурда жол-танспорт министрлигине карачу, 2020-жылдан баштап толук кандуу Ички иштер министрлигине өткөнбүз. Ошого байланыштуу биздин айлык-акыбыз жана башка каражат булактары боюнча ИИМ менен иштешибиз керек. Булөңдүү алмашуулар көрсөтмөлөрдү өзгөртүүнүн бирден-бир себеби болду.

-Сиздердин кызматкерлер өтө жашыруун документти жеткирүүдө, аларды коштоп жүрүүдө атайын форма менен камсыз кылуу каралганбы?

-Биздин кызматтын өзүнүн формасы бар, ички иштер органына өткөндөн кийин форма алмашылган, бирок, милиция кызматкерлеринен бир аз айырмаланып турат. Мунун себеби, ар кандай кырдаалдар болуп кетсе, алар бизди ИИМдин кызматкерлери менен алмаштырып албагандай болуш керек. Андан сырткары кызматкерлер көрсөтмөгө ылайык транспорт жана ок атуучу курал менен камсыздалат. Ошондой эле чет мамлекетке кызматтык сапар менен чыгышканда да көрсөтмөгө ылайык иш алып барышат. Азыркы пандемияга байланыштуу каттамдардын санын убактылуу кыскартып жатабыз.

-Кызматкерлер кандай артыкчылыктарга ээ болушу керек?

-Андай деле жогорку артыкчылык талап кылынбайт. Өзүңүз билесиз, 2019-жылы февраль айында укук коргоо органдары жөнүндө кабыл алынган мыйзамга ылайык кабыл алынуучу кызматкер анда көрсөтүлгөн талаптарга жооп бериши керек. Тагыраагы, Фельдъегер кызматы ИИМдин курамында болгондуктан тандоо да ал жактын талабына туура келиши шарт.

Кубаныч  Зайнидинов