Коом

Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарында шайлоого карата жыйын өткөрдү

2021-жылдын 8-июль күнү Сүйүн Өмүрзаков Ош шаарында шайлоого карата көрүлүп жаткан коопсуздук чараларын толугу менен көзөмөлгө алуу боюнча жыйын  өткөрдү. Жыйынга ИИМдин Ош шаарында жайгашкан  Ош шаардык, Ош облустук ички иштер башкармалыктарынын, күзөт кызматынын, ИИМдин ички аскерлеринин  №703-аскер бөлүгүнүн жана   ИИМдин  «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Ош шаарындагы №3-батальонунун жетекчилик курамы катышты. Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору С.Өмүрзаков  бул саясий процесстин ийгиликтүү өтүшүнө ар бир кызматкер салым кошуусу керектигин жана ал тартипти бекем көзөмөлдөөдө экендигине токтолду. Кызматкерлерди кичипейилдик менен жарандарга мамиле жасоого чакырды.

Ал ошондой эле буга чейинки шайлоодо Ош шаарында мыйзам бузуулар, одоно укук бузуулар аныкталып,  социалдык тармактарда бир катар фактылар чагылдырылып, эл арасында нааразычылыктар орун алгандыктан шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Анткени, айрым жетекчилердин өзүнүн милдетине көңүлкоштук мамилеси, негизги милдеттерден четтеп, башка иштер менен алек болуп, көзөмөлдөө жана уюштуруу иштери начар жүргүзүлгөндүктөн, шайлоонун жыйынтыгы жараксыз болуп, кайрадан шайлоо өткөргөнгө туура келди,-деди  Сүйүн Өмүрзаков

Жыйын учурунда ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков милиция кызматкерлеринин социалдык абалына, өзгөчө ден соолугуна кам көрүү зарылдыгына токтолду. ИИМдин бардык кызматкерлери вакцина алуусу зарыл экендигин белгилеп өттү.  Ош шаарында жайгашкан ИИМдин бардык  башкармалыктары менен кызматтарын шайлоо өнөктүгү учурунда биргеликте, зарыл учурда жардам беришип, ийгиликтүү өткөрүүгө  чакырды.

Жогоруда аталган учурларды эске алуу менен жана шайлоо иш-чарасында коомдук коопсуздукту тиешелүү деңгээлде камсыздоо максатында сиздерге төмөндөгү тапшырмалар коюлат жана аны аткарууга милдеттүүбүз деп баса белгиледи Сүйүн Өмүрзаков. “Шайлоо учурунда катталган бардык фактыларга карата акыйкат жана ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүп, аягына чыгарылсын. Убакытты өткөрүп, создуктурууларга жол берилбесин. Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган аймактарда коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштери күчөтүлүп, жарандардан келип түшкөн чакырууларга өз учурунда барып, кылмыш болобу, жорук болобу токтоосуз чаралар көрүлсүн. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын, Ак-Буура, Сулайман-Тоо ички иштер бөлүмдөрүнүн жана Ош шаарындагы аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн жетекчилери жарандарды кабыл алып, көйгөйлөрүн угуп, жардам берүү иштери уюштурулсун. Эл менен түздөн-түз иш алып барган  коомдук коопсуздук, тергөө, жоруктар жөнүндө иштер, жол кыймылынын коопсуздугу, криминалдык милиция кызматтары элге сылык мамиле жасап, келип түшкөн кайрылууларды создуктурбай ошол замат аткарууга алсын. Аймактык шайлоо комиссиясы, ИИМдин маалымат-талдоо тобу менен бирге тыгыз байланышта иш алып баруу колго алынсын. Ош шаардык ички иштер башкармалыгына коомдук коопсуздукту камсыздоого, шайлоону тынч жана таза өткөрүүгө тартылган ички иштер министрлигинин жана түштүк аймак боюнча кызматтарынын жетекчилери Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жеринде жардам берсин. Кызматтык тартипти сактап, мыйзам бузуучулукка жол берилбесин. Эл менен иш алып барууда бой көтөрүү, текеберленүү же туура эмес сүйлөө деген болбошу керек. Бул талаптар бардык өздүк курамга күнүгө өтүп жаткан нускамаларда жеткирилсин. Бир дагы кызматкер шайлоого аралашпасын, тигил же бул саясий партияны же бир адамды колдоп чыгуулар болбосун. Эгерде ошондой учурлар аныктала турган болсо катуу жазалар колдонула тургандыгы өздүк курамга жеткирилсин. Милиция саясаттан тышкары жана өзүнө мыйзам чегинде жүктөлгөн милдеттерди гана аткара тургандыгы жеткирилсин”,- деди Сүйүн Өмүрзаков

Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков  Ош шаарындагы Ош шаардык кеӊешине шайлоо өнөктүгү аяктаганга чейин  Ош шаарынын аймагында болуп,  коомдук тартиптин сакталышын толугу менен көзөмөлгө алат.

 

ИИМдин Басма  сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button