Канадада болгон аномалдуу ысыктан улам миллиарддаган деңиз жаныктары кыргынга учурады. Ванкувердеги пляжда он миңдеген моллюскалар, мидия, деңиз жылдыздары жана үлүлдөр сууга кайнап бышып калышкан.

Британ Колумбия университетинин деңиз биологу, изилдөөчү Крис Харли 4-июль, жекшемби күнү Ванкувердеги Кицилано Бичинен чыккан жагымсыз жытты сезген. Ал Канаданын CBC жаңылыктар тармагына бул ачылышка «таң калганын» айттып берген.

Канаданын жээк аймактары Тынч океандын жээктериндеги аскаларда жашаган мидиялардын, үлүлдөрдүн, молюскалар жана деңиз жылдызчаларынын калдыктарына толуп кетти. Алар тайыз сууларда күндүн ысыгынан тирүүлөй бышып калышкан.

Биологдор жээктердеги температураны +50 градус деп катташты. Мындай деңиз жандыктары +30 градуска чейинки ысыкты гана көтөрө алары айтылды.