Мындай пикирин жактоочу Таалайкуль Токтакунова Фейсбуктагы баракчасына жазды. Ал билдирүүдө, КР ЖК туура же туура эмес болгонун баалоо үчүн убакыт келди деп жазат.

«Мына жооп: эки документ сунушталды:

  1. Убактылуу депутаттык комиссиянын токтомунун долбоору.
  2. Жогорку Кеңеш тарабынан 2012-жылдын 27-июнунда кабыл алынган токтом.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Жогорку Кеңеш 2012-жылдын 20-июнунан 27-июнуна чейин депутаттык комиссия тарабынан сунушталган токтомдун долбоорун карап, жактырган жок, бирок башка токтом кабыл алды-деп, чекисттер айрым депутаттарды коррупционер деп эсептешет.

УКМК Төрөбай Зулпукаров ЖКнын депутаттарын экинчи токтомду кабыл алууга көндүргөн деп эсептейт. Биринчи долбоорду сунушталган формада өзгөрүүсүз кабыл алуу керек болчу, ошондуктан аны коррупционер деп эсептеп атышат.

P.S. эки долбоорду изилдеп, КР ЖК туура же туура эмес болгонун баалоо үчүн убакыт келди. Ошол эле учурда  КР ЖКнын жана Өкмөттүн ыйгарым укуктары унутулбаш жана чектелбеш керек.  Жакында биз ЖК депутаттарынын ушул долбоорлор боюнча ким кандай добуш бергенин ачык жарыялайбыз. Ошондо коомчулукка кимдер каршы болгонун, кимдер макул болгонун жана алардын кимиси түрмөдө, ал эми ким эркиндикте жүргөнү, б.а.  ким жогору жакка таазим кылды, ким жүгүндү жана алар кандайча «жүгүнүштү» жана ушул токтомдун аркасында кандай жол менен кандай материалдык чыгым келтирилгендиги жөнүндө кыскасы баары ачыкталат. Бул билдирүүлөр чыкканда балким чекисттер дагы ойлонушар.

Эки токтомду карап салыштырып корсок, айырмасы списокто гана болуп калат экен. Бул списоктогулар кимдер экен негизи?

Эмнеге ушул списоктогулар отпой калгандыгынын айынан башкалар коррупционер болуп эсептелиши керек?!»-деп жазып бир катар документтерди көрсөткөн.

 

 

Нет описания фото.

Нет описания фото.

Нет описания фото.

Нет описания фото.

Возможно, это изображение (текст)