Мурунку шайлоого салыштырмалуу шайлоого катышкандардын саны жогору. Бул тууралуу брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров билдирди.

«Шайлоочулардын активдүүлүгүн белгилеп кетсек болот. Ошондой эле биздин мамлекетибиздин үч шаардын ушул шайлоо процесси ачык маанайда өтүп жатат», — деди ал. Учурда Бишкекте, Ошто, Токмокто кайра шайлоо өтүп жатат.

Белгилүү болгондой,  кайра шайлоого 617 миң 517 адам шайлоочулардын тизмесине киргизилген.Бишкек шаарында 426 миң 699, Ош шаарында 152 миң 718 жана Токмок шаарында 38 миң 100 адам шайлоочулардын тизмесине кирген.

Үч шаардык кеңешке жалпы 2 миң 204 талапкер ат салышууда.

«Шаардык кеңештердин депутаттары үчүн добуш берүү партиялардын талапкерлеринин тизмелери үчүн добуш берүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Депутаттык мандаттар шайлоочулардын 7 пайызынан ашык добушун алган саясий партиялардын ортосунда шайлоочулардын добуштарынын санына пропорциялуу бөлүштүрүлөт. Үч шаардык кеңештин депутаттарын кайталап шайлоого 26 саясий партия катышууда, алар 2 204 талапкер көрсөттү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды түзүү максатында Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүү үчүн жайларга кирүүгө мүмкүн болушунча толук шарт түздү. Шайлоо комиссияларын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын керектөөлөрүнө кунт коюп мамиле жасоону өтүнөбүз», — деди Шайназаров.