Түркия соту Орхан Инандыны камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү телеканалдары маалымдашты.

Маалыматта айтылгандай, Орхан Инанды суракка алынган. «Ал оппозициялык Фетхуллах Гүлендин Борбор Азиядагы ФЕТО уюмунун лидери болгонун моюнуна алды», — деп жарыялады.

Белгилей кетсек, Орхан Инанды көп жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө иштеп, жашап келген. Ал ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарлаган.

6-июлда Президент Жапаровдун тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган.