Саясат

Мирлан Арстанбаев Австралия, Жаңы Зеландия, Филиппинге элчи болуп дайындалды

Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппиндеги элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Буга байланышкан жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Мирлан Арстанбаев Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси ишин айкалыштырып, Токио шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматын аркалайт.

Мирлан Арстанбаев 2019-жылдын март айында Японияга элчи болуп дайындалган. Ага чейин Тышкы иштер министрлигинин бир катар кызматтарында иштеген. Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу кызматын да аркалаган.

Арстанбаев Ош шаарында туулган. Үй-бүлөлүү, 47 жашта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button