Коом

Эркин Саткынов: “Милиция менен калктын мамилеси бекем болгондо гана кылмыштуулукка бөгөт коюулат”

Милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн элге жасаган мамилесинен, жүрүм-турумунан, жумушуна болгон жоопкерчилигинен улам коомчулук ички иштер органдарына баа берет. Ошондуктан ИИМдин Басма сөз кызматы кезектеги макаласында  ички иштер органдары менен калктын ортосундагы мамилени бекемдөөдө кошкон зор саламы үчүн милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн иши жөнүндө баяндоону туура көрдү.

Милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн башкы тапшырмаларына   коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, кылмыштарды жана укук бузууларды эскертүү боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүү, жарандар менен ишенимдүү мамилени түзүү кирет. Бул тапшырмаларды Бишкек шаарынын Октябрь  ИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын аймактык тескөөчүсү милициянын улук лейтенанты Эркин Саткынов дагы 2018-жылдан бери жоопкерчиликтүү аткарып келет.  Ал ички иштер органдарында кызмат өтөп жатканына 8 жылдын  жүзү болду. Кесиптешибиз бул аралыкта кызматын абийири менен так аткарган жана жетекчилиги менен жолдошторунун алдында абройлуу кызматкерлердин бири.

Милициянын улук лейтенанты Эркин жогорку окуу жайды аяктагандан кийин, ички иштер органдарында кызмат өтөөнү чечип, алгачкы кызматын  күзөт кызматынан баштаган. Ал эми бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Октябрь районунун жашоочуларынын жана конокторунун коопсуздугун камсыздап, бул аймактагы кылмыштуулук менен укук бузууларды алдын алып, эл менен тыгыз иштешип, өзү тейлеген аймактагы жашоочулардын арасында сый-урматка ээ болгон милициянын аймактык тескөөчүсү.

Мекенине, элине кызмат кылуу ар бир жигиттин милдети экендигин тереңден түшүнүп, учурда милицияда кызмат өтөп жаткан кесиптешибиз Эркинди сөзгө тартып, милициянын аймактык тескөөчүлөрү кандай сапаттарга ээ болуш керектиги тууралуу сураганыбызда, “Милициянын аймактык тескөөчүлөрүн өз ишинин универсалдары деп атап коюшат. Анткени, биз документтерди, протоколдорду толтуруу,  алдын алуу иштерин жүргүзүү, рейддерге чыгуу,  кылмыштардын бетин ачуу менен дагы алектенебиз. Эң башкысы жарандар менен баарлашуу,  жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана эркиндигине болгон кол тийбестик укугун коргоону камсыздоо боюнча иштерди алып барабыз.

Андан сырткары, калк менен жакындан иштеген милициянын аймактык тескөөчүсү ар бир адамдын тилин табыш үчүн психолог болушу керек.  Анткени, ар кандай жагдайларга жараша улгайган адамдар, жаштар, турмуштук абалы оор жарандар  менен маектешүүгө туура келет. Ар бирөөсүнө өзүнчө мамиле жасап,  алар менен маектешип, кеңештерди берип турабыз. Ошондуктан милициянын аймактык тескөөчүсү  элдин көйгөйүн жакындан билип, аны чечүүгө ар дайым колун сунган кесипкөй адис десем жаңылышпайм”, — деп жооп берди кесиптешибиз.

Милициянын улук лейтенанты Эркин Саткынов өз аймагын мыкты  өздөштүргөндүктөн алдын алуу жумуштарын жүргүзүүдө  тоскоолдуктар жок экендигин билдирди. Өзү тейлеген Ата-Түрк паркы жана анын айланасындагы үйлөрдү күн сайын текшерип, кыдырып, эс алууда жүргөн жарандар, бул аймакта жашаган жашоочулар менен маектешип турат.

Азыркы учурда жайкы каникул маалы болгондуктан, шаардагы балдар көп убактысын үйлөрүндө өткөрүп жаткандыктан, алдын алуу иштерин дагы күчөтүүдөбүз.  “Сактыкка кордук жок” — дегендей, балдарды өз учурунда  тарбиялап, туура жолду көрсөтүп, көзөмөлгө алса,  көптөгөн каргашалуу окуяларды,  көйгөйлөрдү алдын алып койсок болот. “Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың” — деп айткандай,    балдарга туура тарбия берип, туура жолго сала турган болсок, келечекте мыкты муунду өстүргөн болобуз”, — деди милициянын аймактык тескөөчүсү Эркин.

 

ИИМдин Басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button