Коом

Франция бийлиги өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну жүрүп жатканын жарыялады

Францияда коронавирус илдетинин төртүнчү толкуну жүрүүдө. Ал мурунку этаптарга салыштырмалуу инфекция  жуктургандардын темпи  жогорку. Бул тууралуу өкмөттүн расмий өкүлү Габриэль Аттал билдирди, деп жазат Le Figaro.

Атталдын айтымында, бир жумада коронавирус  инфекциясы менен ооругандардын саны 125% га көбөйгөн. Ал ошондой эле жарандардын  80%ы  «дельта» штаммына чалдыкканын кошумчалады.

«Коронавирус пандемиясынын төртүнчү толкунуна кирдик. Азыр вирустун жайылышы мурунку баскычтарга салыштырмалуу ылдам жүрүүдө. Бир жуманын ичинде коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны эки эсеге көбөйдү. Азыр бизде күн сайын 10 миңге жакын адамдан илдет аныкталып жатат», — деген Габриэль Атталь.

Белгилүү болгондой, Францияда вакцинанын биринчи дозасын 36 миллион адам алды.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button