Шоу-бизнес

«Гарри Поттер», актер Даниэль Рэдклифф «Форсаж» тасмасына тартылгысы келет

Сыйкырчы Гарри Поттердин ролу менен белгилүү болгон британиялык актер Даниэль Рэдклифф  «Форсаж»  тасмасына тартылууну каалагандыгын жарыялады.

Сыйкырчылар жөнүндө супер ийгиликтүү кинотасманы өткөнгө калтырып, 31 жаштагы Радклифф блокбастерлердин такыр башка сериясына өтүүгө ниеттенип жаткандыгын мойнуна алды. Ал бул франшизаны «Форсаж» деп атады. Бирок, актер айдоочулукка байланыштуу эмес, жакынкы арада тартыла турган тасмада роль жараткысы келгенин кошумчалады.

«Камерага айдоо менин ишимдин эң жаман көргөн бөлүгү болсо керек. Чыныгы жашоодо, мен дээрлик эч качан унаа айдабайм. Менин айдоочулук күбөлүгүм бар, бирок мен унааны такыр түшүнбөйм, чындыгында унаа башкаргым келбейт », — деди актер.

Ал кандайдыр бир “администратордун” ролун ойной алаарын белгилеп: “Аларга мындай персонаж сөзсүз керек экенине ишенем. «Администратор» болуш керек. Кимдир бирөө ушул балдарды карашы керекда ”,- дейт актер.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button