Голливуд киноактрисасы Анжелина Жоли жарым-жартылай жеген делген круассан Украинада сатыкка коюлду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Билдирүүгө караганда, Украинанын Евгений аттуу тургуну 30-апрелде Львовго болгон сапарында Анджелина Жоли кафеде жартысын жеп жартысын калтырган круассанды сатыкка койгон. Жарнаманын скриншоту интернетке жарыяланды.

Сүрөттөгү жазууга караганда, крауссан сатуучу Голливуд жылдызы барган мекемеде тазалоочу болуп иштейт. Жарымы желген крауссанды миллион гривнага сатарын жазат.

Өз кезегинде  мекеме Анджелина Жоли лосось жана моцарелла кошулган круассанды, ошондой эле капучиного буйуртма жасаганын айтышып, жылдыз менен түшкөн сүрөтүн facebook баракчасына жүктөгөн.

Возможно, это изображение 3 человека, люди стоят и в помещении