“Ласковый май” тобунун солисти Юрий Шатунов дүйнө салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Шатуновдун өлүмүнө катуу жүрөк оорусу себеп болгонун ырчынын директору Аркадий Кудряшов Звезда телеканалына билдирди.

Ал башка маалымат берген жок. Шатунов 23-июнга караган түнү тез жардам унаасында каза болгон, ал 48 жашта болчу.

Эскерте кетсек, Юрий Шатунов 1973-жылы 6-сентябрда жарык дүйнөгө келген. 1986-жылы “Ласковый май” тобу түзүлүп, “Белые розы”, “Лето”, “Пусть будет ночь”, “Седая ночь”, “Ну, что же ты…”, “Тающий снег” сыяктуу хит ырларды аткарган.