Тажикстандын Каржы министрлиги тажик-кыргыз чек арасындагы куралдуу чыр-чатактан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн түзүлгөн эсепке каражат түшкөн эмес, деп билдирди маалымат жыйынында.

Ушул жылдын май айында жарандык коомдун өкүлдөрү Тажикстан Кыргызстанга  куралдуу кол салган жаңжал учурунда материалдык зыян тарткан Ворухтун тургундарын колдоо үчүн атайын эсеп ачышкан.

Бирок, бир нече күндөн кийин бийлик активисттерге акча чогултууга тыюу салып, Каржы министрлигинде атайын эсеп ачкан. Андан кийин ар бир адам өлкөнүн ичинде да, башка өлкөлөрдөн да түзүлгөн эсепке акча жөнөтө алары кабарланган. Ал эми активисттер чогулткан акча кайтарылган.

«Азия Плюс» жазгандай, «Ахбор Барой Афкор» фейсбук тобунун журналисти жана модератору Ражаби Мирзо Каржы министрлигинин тажик-кыргыз чек арасындагы окуяларда жабыркагандарга жардам берүү үчүн банк эсебинде акча жок деген билдирүүсүнө таң калды. Журналисттин айтымында, ал жабыркаган исфаралыктарга жардам эсебине 10 миң сомони (855 доллар) которгон. Ражаби Мирзо чектин көчүрмөсүн «Озоди» радиосуна жөнөтүп, «Анда биздин акчабыз кайда?»,-деген суроо салган.

Журналист, «ишенбөөчүлүктөн улам элдер Каржы министрлигинин эсебине акча которушкан эмес», деп эсептейт: жарандар которулган акчалардын даректерине жетеринен күмөн санашкан.

«Өткөн жылы көптөгөн тургундар коронавирус менен күрөшүүгө акча которушкан, бирок канча акча чогултулгандыгы жана бул каражаттар кайда жумшалганы тууралуу маалымат  ачыкталбаган. Ачык -айкындуулуктун жоктугу ишенбөөчүлүктү жаратты », — дейт Мирзо.