Коом
«Токио-2020»: Акжол Махмудов күмүш медалга ээ болду
Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбаны Акжол Махмудов бүгүн, 3-август күнү килем үстүнө чыкты.
Махмудов алгачкы жүрүшүндө эле тунистик балбанды 11:0 эсебинде татыктуу түрдө жеңип, чейрек финалга чыгып, чейрек финалда Акжол Махмудов азербайжандык Рафиг Хусейновду 9:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Акжол Махмудов армениялык күчтүү делинген Карапет Чалян менен кез келди. Бири-бирине төп келген эки балбан тең мыкты беттеш тартуулап, кыргыз балбаны атаандашын 6:2 эсебинде жеңип алган.
Муну менен кыргыз балбаны Олимпиада оюндарынын финалына чыгып, анда венгриялык фаворит балбандардын бири Тамас Лоренц менен кез келип, атаандашына 2:1 эсебинде жеңилип калды.